Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги XVIII сессиясынын
2026-жылдын 16-мартындагы №26
Атай айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу, бадачынын акысы, корук, жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери боюнча
Атай айыл аймагында жазгы айдап – себүү , көчүп-конуу, бадачынын акысы, корук, сугат суу тарифи жана жашылдандыруу-көрктөндүрүү иштери боюнча Атай айылдык кеңешинин “Бюджет, экономика, инвестиция, ишкердик иш жана экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында жазгы айдап- себүү иштери өз убагында колго алынсын жана техниканы пайдаланууда төмөндөгү баалар бекитилсин.
- косилка, жатканын баалары төмөндөгү баада бекитилсин:
- 1 га пресстөөгө: - 20 ( Жыйырма ) сом май, жиби ичинде
- 1 га жаткага: - 2 300 ( Эки миң үч жүз ) сом майы ичинде
- 1 га косилка тырмоосу менен: - 2 200 ( Эки миң эки жүз) сом майы ичинде;
- Айдоого (80 МТЗ), - 1га 1500 (Бир миң беш жүз) сом акча 25 (Жыйырма беш) литр май;
- Айдоого (899 МТЗ), - 1га: - 1500 (Бир миң беш жүз) сом акча 30 (Отуз) литр май;
- малалоо 1 га: - 600 (Алты жүз) сом акча 10 (Он) литр май;
- себүүгө 1 га: - 600 (алты жүз) сом 10 (Он) литр май;
- Борона( мурун айдалган жерди айдоого), 1га : - 600 (Алты жүз) сом, 15 (Он беш) литр май;
- Борона (жаӊы жерди айдоого), 1га : - 800 (Сегиз жүз) сом, 15 (Он беш) литр май;
- Чөп тырмоо, 1 га: - 500 (Беш жүз) сом, 5 (беш) литр май;
- жер айдоо, 10 сотых: - 300 (Үч жүз) сом акча, 5 (Беш) литр май;
- жер малалоо, 10 сотых: - 150 (Жүз элүү) сом акча, 5 (Беш) литр май;
2 .Ички жайыттарга көчүү 20-апрелден 30-апрелге чейин, алыскы жайыттарга көчүү 1-июнга чейин, ал эми кайтып келүү 20-сентябрга белгиленсин. Ички жана алыскы жайыттарга көчкөнгө чейин бада уюштурууну мал ээлерине түшүндүрүү жана белгиленген убактан кеч кетсе же эрте келсе мыйзам чегинде административдик чара көрүлөрү бадачыга тааныштыруу менен эскертүү жагы жайыт адисине милдеттендирилсин.
3.Атай айыл аймагында бадачыга мал баккан акысы үчүн төмөндөгүдөй баа бекитилет жана ар бир ашыкча салынган сом үчүн чара көрүлөрү, патент киргизүү жагы каралаары эскертилсин.
- Бир баш бодо малга: - 500 (беш жүз) сом;
- Бир баш кой-эчкиге: - 120 (Жүз жыйырма ) сом;
4. Корук иштери боюнча:
- Ак-Талаа участкасында: - 200 (Эки жүз) сом;
- Кара-Булак участкасында: - 900 (Тогуз жүз) сом;
- Ала-Жыгач участкасында: - 500 (Беш жүз) сом;
- Уй-Булак участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
- Көкжар участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
- Казык участкасында: - 300 (Үч жүз) сом;
5. .Айдоо аянттарына түшкөн малды камоодо корукчу мал ээсине жана айыл өкмөтүнө билдирүү менен, бузуулар боюнча иш алып барсын.
6 . Атай айыл аймагында жашылдандыруу - көрктөндүрүү иштери колго алынсын, ар бир тургундун үйүнө кирип айлана чөйрөсүн тазалоо, арыктарды чабуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы айыл өкмөтүнүн айыл башчыларына милдеттендирилсин.
7 . Эгер жарандардын өзүнө тийешелүү жери тазаланбаса, арыктары чабылбаса жана таштандылары чыгарылбаса мыйзам чегинде административдик чара көрүлсүн.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С. Өскөнбай уулу |