Загрузка документа…
АЙРЫ-ТАМ АЙЫЛ
АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК
КЕҢЕШИ
Айры-Там айылдык кенешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясынын
2026-жылдын 18-февралындагы №1/1
Айры-Там айыл аймагынын 2026-жылга карата жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамынын 34- 39- беренелерин жетекчиликке алып, Айры-Там айыл Өкмөтүнүн башчысы Г.Фарманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2026-жылдын 5-февралында өткөрүлгөн отурумунун корутундусунун негизинде, Айры-Там айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги I сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылга карата жалпы бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 80315,6(сексен миллион үч жүз он беш миң алты жүз) сом, анын ичинен атайын каражаты 2014,0(эки миллион он төрт миң) сом, бюджет 78301,6(жетимиш сегиз миллион үч жүз бир миң) сом деп бекитилсин.
2.Айры-Там айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2026-жылдагы жергиликтүү бюджеттин жана атайын каражатын максаттуу пайдалануу жагы айыл аймагынын башчысы Г.Фарманкуловго милдеттендирилсин;
3.Токтомду alabuka.kg сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгына жөнөтүү жагы Айры-Там айылдык кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алууну айылдык кеңештин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш маселелери боюнча туруктуу комиссиясына, ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүнүн жетекчилигине жүктөлсүн.
Төрага |
М.Кулуев |