Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XIX сессиясынын
2026-жылдын 10-апрелиндеги № 27
“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти сиңирүү боюнча” Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун долбоорунун алкагында мал чарбасын өнүктүрүүнүн 2026-2030-жылдарга карата планын бекитүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Атай айылдык кенешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин (I чакырылышынын) кезектеги XIX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.“Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртекти сиңирүү боюнча” Бириккен Улуттар Уюмунун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун долбоорунун алкагында мал чарбасын өнүктүрүүнүн 2026-2030- жылдарга карата планы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Токтомду аткарууга алуу жагы Атай айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
3. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
4.Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
6.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |