Загрузка документа…
АТАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги XX сессиясынын
2026-жылдын 23-апрелиндеги № 28
БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюму менен Жашыл климаттык фонддун каржылоосу менен ишке ашырылып жаткан «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин сиңирүү» долбоорунун алкагында, АРИСтин техникалык колдоосу менен айыл өкмөттөрү, ландшафты башкаруу коомдук топтору жана муниципалдык ишканалар тарабынан жайыттардын абалын жакшыртууга, көмүртектин секвестрациясын көбөйтүүгө, долбоордун максаттарына жана милдеттерине жетүүгө багытталган чакан долбоордук сунуштамаларды баалоо жана артыкчылык берүү жөнүндө
"Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Атай айылдык кенешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Атай айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Атай айыл аймагында токойлордун жана жайыттардын абалын жакшыртуу, көмүртектин сиңимдүүлүгүн жогорулатуу, инфраструктураны жакшыртуу жана калкка кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу максатында «Кыргыз Республикасындагы токойлорго жана жайыттарга климаттык инвестициялар аркылуу көмүртектин сиңирүү» долбоорунун алкагында ишке ашырылып жаткан чакан долбоордук сунуштамалар төмөнкүдөй артыкчылык баалоо тартиби менен бекитилсин:
1). Атайын техника (экскаватор) сатып алуу менен алыскы жайыттарга жетүү жана колдонуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, жакынкы жана ортоңку жайыттардын табигый калыбына келүүсүнө жетишүү, көмүртектин сиңиримдүүлүгүн жогорулатуу
2). Ветеринардык кызматты уюштуруу аркылуу Атай айыл аймагынын тургундарынын малынын сапатын жогорулатуу, жакынкы жайыттардын абалын жакшыртуу жана көмүртектин сиңиримдүүлүгүн көбөйтүү
3). Мал ичүүчү каптаж куруу аркылуу Атай айыл аймагынын ортоңку жайыттарын толук пайдалануу менен деградацияга учураган жакынкы жайыттарды эс алдыруу жана которуштуруп жаюу менен калыбына келтирүү жана көмүртектин сиңиримдүүлүгүн жогорулатуу
4). Чыктуу тоют даярдоого жүгөрү жыйноочу комбайн сатып алуу аркылуу малды үйдө багууга өткөрүп, жайыттарды эс алдырып Атай айыл аймагынын жакынкы жайыттарында деградацияга учураган жерлерди калыбына келтирүү жана көмүртектин сиңиримдүүлүгүн жогорулатуу
2. Жогоруда көрсөтүлгөн тартип менен зарыл болгон документтерин бүткөрүү жана ишке ашыруу жагы С.Каттообековко милдеттендирилсин.
3. Чакан долбоорлордун 25 (жыйырма беш) пайыздык өздүк салымын төлөө жагы Атай айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.К.Жаныбаевке милдеттендирилсин.
4. Токтомду Атай айылдык кеңешинин жооптуу катчысы каттоого алсын жана Атай айыл ѳкмѳтүнүн расмий маалымат сайтына жарыяласын.
5. Токтомдун көчүрмөсүн Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Жалал-Абад облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын укуктук-ченемдик актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет
7. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Атай айылдык кеӊешинин “Айыл чарбасы, экология, жер жана өзгөчө кырдаалдар” боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Атай айылдык кеңешинин төрагасы |
С.Өскөнбай уулу |