Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын VII- кезексиз
сессиясы
2025-жылдын 14-ноябрындагы №7-10-1
Майлуу-Суу шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 01.11.2025-ж. чыг.№ 01-14-598 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынын чечимдерин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X- чакырылышынын VII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын, шаардык кеңештин туруктуу комиссияларынын кошмо жыйынынын чечимдери жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаарынын 2026-2030-жылдарга социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүүгө макулдук берилсин (тиркеме №1).
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча жана социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
Н.Сабитов
|