Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын VII- кезексиз
сессиясы
2025-жылдын 14-ноябрындагы №7-10-2
Майлуу-Суу шаарынын социалдык обьектилерин 2026-жылы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен капиталдык оңдоодон ѳткѳрүүгѳ жана ондоп түзѳѳгѳ, жергиликтүү бюджеттен 15 % ѳздүк салымын каржылоо үчүн 900,0 (тогуз жүз миң) сом акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берүү жѳнүндѳ
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 21.10.2025-жылындагы № 01-14-555 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X- чакырылышынын VII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэринин орун басары Н.А.Абдиганиевтин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаарынын социалдык объектилерин 2026-жылы Дем берүүчү (үлүштүк) гранттардын эсебинен капиталдык оңдоодон ѳткѳрүүгѳ жана ондоп түзѳѳгѳ, жергиликтүү бюджеттен 15 % ѳздүк салымын каржылоо үчүн Майлуу-Суу шаарынын № 7 жалпы билим берүү орто мектептин жылытуу системасын альтернативдик түргө өткөрүү долбоору 3000 000 сом, Ленина көчөсүндөгү № 2-Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебиниин айнек терезелерин алмаштыруу, чатырын жабуу долбоору 3000 000 сом, жалпысынан 900,0 (тогуз жүз) миң сом акча каражатын бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
Н.Сабитов
|