Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын VII- кезексиз
сессиясы
2025-жылдын 14-ноябрындагы №7-10-3
Майлуу-Суу шаар аймагында жаңы курулган муниципалдык 5 (беш) кызматтык турак үйлөрүн электр энергия менен камсыздоо үчүн техникалык шарттарды алууга жергиликтүү бюджеттен 41 814 (кырк бир миң сегиз жүз он төрт) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 10.10.2025-ж. №01-14-527 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин X- чакырылышынын VII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаар аймагында жаңы курулган төмөнкү муниципалдык 5 ( беш ) кызматтык турак үйлөрүнө электр энергиясы менен камсыздоо үчүн техникалык шарттарды алууга 41 814 (кырк бир миң сегиз жүз он төрт) сом акча каражатын жергиликтү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берилсин:
-Майлуу-Суу шаары, З. Кутманова көчөсү 5а жалпы аянты -1000,0 ч. м болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 2 кызматтык турак үй идентификациялык коду
3-13-03-0049-0043
-Майлуу-Суу шаары, Ленин көчөсү № 135б жалпы аянты -800,00 ч. м болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 1 кызматтык турак үй идентификациялык коду
3-13-03-0044-0009
- Майлуу-Суу шаары, Заводская көчөсү № 33 жалпы аянты -1700,0 ч. м болгон жер тилкеси иш жүзүндөгү 2 кызматтык турак үй идентификациялык коду
3-13-03-0049-0086.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
Н.Сабитов
|