Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын VII- кезексиз
сессиясы
2025-жылдын 14-ноябрындагы №7-10-4
Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан сатып алынуучу 1 бирдик автовышка атайын техника сатып алууда тиешелүү иш-кагаздарды жана талаптарды аткаруу үчүн каржылоого суралган суммадан 20 % 853 000 (сегиз жүз элүү үч миң) сом акча каражатын жергиликтүү бюджеттен бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 13.11.2025-жылындагы № 01-14-603 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча тутуктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин X- чакырылышынын VII- кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
1.Жалал-Абад облусунун өнүктүрүү фонду тарабынан 1 бирдик автовышка атайын техника сатып алууда иш-кагаздарды жана талаптарды аткаруу үчүн жергиликтүү бюджеттен каржылоого суралган суммадан өздүк салым 20 % болгондуктан, “Майлуу-Суу-Тазалык” муниципалдык мекемесине келип түшкөн коммерциялык сунуштаманын негизинде 1 бирдик автовышка атайын техника баасы (4265 100 сом) анын 20 % 853 000 ( сегиз жүз элүү үч миң) сом акча каражатын техника сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
3.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык кеңештин төрагасынын орун басары |
Н.Сабитов
|