Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2024-жылдын 1-февралы №211

                                            

Үч-Терек айыл аймагында “Муниципалдык, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө” нускаманы жана “Муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө” ЖОБОну бекитүү жөнүндө

        

          Кыргыз Республикасынын 15.03.2002-жылдагы №37 “Мүлккө муниципалдык менчик

жөнүндө” мыйзамына ылайык, айыл аймагындагы Муниципалдык, анын ичинде

администрациялык курулмаларды, имараттарды, мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык

акыны эсептөөнүн жана ижарага берүү тартибинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу

максатында, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXVсессиясы токтом кылат:

1. Үч-Терек айыл аймагында “Муниципалдык, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды, мүлктү пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө” нускама №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Үч-Терек айыл аймагында муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО №2 тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Үч-Терек айыл өкмөтүно бул токтомду аткаруу, нускаманын жана Жобонун негизинде иш жүргүзүү милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык жана жер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.

5. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

6. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

 А. Дөөлөткелдиев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2024-жылдын 01-февралындагы Үч-Терек айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХХV сессиясынын №211 токтомуна

 

1-тиркеме

Муниципалдык, анын ичинде администрациялык курулмаларды, имараттарды пайдалануу үчүн ижаралык акыны эсептөө тартиби жөнүндө НУСКАМА

(1. Муниципалдык мүлк ижарага түз берилген учурда мамлекеттик турак-жай эмес имараттарын, жайларды жана курулмаларды пайдалануу үчүн ижара акысынын чоңдугу төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

Аа.ак. = Баз.ст. х S х К1 х К2 х К3 х К4 + Аж,

мында:

Аа.ак.- бир айлык ижара акысынын өлчөмү;

Баз.ст. - 1 кв.м, үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;

S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;

К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти;

К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициенти;

К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти;

К4 - жайды пайдалануунун тармактык коэффициенти;

Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы.

Эсептөөдө колдонулган ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:

а) Баз.ст. - региондор (облустар) үчүн 80 сом/кв.м.

б) К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициентинин мааниси:

Мамлекеттик курулманын, имараттын (жайдын) жайгашкан жери

К1 мааниси

республиканын калган региондору

1

в) К2 - жайдын техникалык абалынын коэффициентинин мааниси:

- канааттандыраарлык - капиталдык ремонт талап кылынат - 1;

- канааттандыраарлык - косметикалык ремонт талап кылынат - 1,1;

- жакшы - (ремонт талап кылынбайт) - 1,2.

г) К3 - имараттын техникалык жабдылышынын коэффициенти:

- суу түтүгүнүн, ысык суунун, борбордук жылытуунун болушу - 1,3;

- суу түтүгүнүн, борбордук жылытуунун болушу - 1,2;

- суу түтүгүнүн болушу - 1,1;

- техникалык жабдуусу жок - 1.

д) К4 - пайдалануунун тармактык коэффициентинин мааниси:

 

Курулмаларды, имараттарды (жайларды) пайдалануунун максаты

К4 мааниси

1

Ресторан, кафе, мейманкана, бильярд, сауна, бассейн, мончо, алмаштыруу банкы, күрөөкана, банк кызматтары, көчмө касса, авиакасса, төлөмдөрдү кабыл алуу пункту, жарнама орнотуу, телекоммуникациялар үчүн антенна жана жабдуу орнотуу

1,5

2

Өндүрүш жана башка өндүрүш боюнча кызматтары

1,4

3

Дүкөн, ларек, дарыкана, спорттук ден-соолук кызматтары, медициналык кызматтар, фитобар

1,3

4

Офис

1,2

5

Химтазалоо, бут кийим оңдоо, чач-тарач, сулуулук салон, кийим оңдоо, жаңы үйлөнгөндөргө салон, компьютердик кызматтар жана компьютердик техниканы оңдоо, копировалдык кызматтар, сүрөт кызматтар, автотранспортту оңдоо жана техникалык тейлөө үчүн курулмалар жана жайлар, автоунаа токтотуу жайы, гараж, автозаправка станциясы

1,1

6

Тигүү цехи, склад

0,8

7

Ашкана, буфет, сатуу точка, билим берүү борбор, китепкана, балдар-өспүрүмдөр өнөрчүлүгү студиясы, көркөм кружоктор, спорт секциялар жана башка маданият жана спорт объекттер

0,7

10

Башкалар

1

Эскертүү:

1. Эгерде ижарага берилүүчү жай көчөнү бойлото жайгашса жана өз алдынча кирип/чыгууга ээ болсо, анда К4 колдонулуучу коэффициентине кошумчалап 0,1 кошулат.

2. Эгерде ижарага берилүүчү жай подвал, чатыр жана цоколдук кабатта жайгашкан болсо, анда К4 колдонулуучу коэффициентине кошумчалап 0,1 кошулат.

3. Эгерде ашкана же буфет ижарага алынган жай жайгашкан имараттагы мамлекеттик органдын кызматчыларын тейлөө мезгилинде гана иштесе, анда колдонулуучу К4 коэффициентинен 0,2 алып салынат

е) Жер участогун пайдалануу үчүн ижара акысы Кыргыз Республикасыгын Салык кодексине ылайык эсептелет. Жер участогун пайдалануу үчүн акы төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

 

Аж = С х S х Ки х К1 х К2,

 мында:

С - айыл чарбалык эмес багыттагы жерди пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы;

S - ижарага алуучу пайдаланып жаткан жер участогунун аянты. Төмөнкүдөй формула боюнча эсептелинет: жер участогунун аянты имараттын жалпы аянтына бөлүнөт жана ижарага берилүүчү аянтка көбөйтүлөт;

Ки - инфляция коэффициенти;

К1 - экономикалык-пландаштыруу зоналарынын коэффициенти;

К2 - коммерциялык пайдалануу коэффициенти.

Айыл чарбалык эмес багыттагы жерлерди пайдалануу үчүн жер салыгынын базалык ставкасы жана жер салыгын дифференциялоо үчүн коэффициенттер мыйзамда белгиленгенге ылайык кабыл алынат.

Ижара акысынын чоңдугуна имаратты эксплуатациялоо жана имараттарды жана жайларды утурумдук ремонттоо боюнча чыгымдар, жылытууга, коммуналдык кызматтарга жана башка кызматтарга чыгымдар кирбейт.

Тараптардын ортосунда ижара акысынын өлчөмү жөнүндө жазуу жүзүндөгү макулдашылган эсептөө жок болсо, ижара келишими түзүлбөгөн болуп эсептелет.

2. Ижара келишимин түзүү укугуна аукцион башталган, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ар айлык ижара акысынын баштапкы өлчөмү (ижаранын старттык өлчөмү) жана конкурсту өткөрүүдө жарыялануучу, мамлекеттик мүлктү пайдалануу үчүн ар айлык ижара акысынын өлчөмү (ижаранын минималдык өлчөмү) төмөнкүдөй формула боюнча эсептелет:

 

СА = Баз.ст. x S x K1 x K2 x К3,

мында:

СА - бир айлык ижара акысынын старттык чоңдугу;

Баз.ст. - имараттын (жайдын) 1 кв.м үчүн бир айлык ижара акысынын базалык ставкасы;

S - ижарага берилчү имараттын (жайдын) аянты;

К1 - имараттын жайгашкан жеринин коэффициенти;

К2 - имараттын техникалык абалынын коэффициенти;

К3 - жайдын техникалык жабдылышынын коэффициенти.

Эсептөөдө колдонулуучу ставкалардын өлчөмү жана коэффициенттердин чоңдугу:

а) Баз.ст. - региондор (облустар) үчүн 80 сом/кв.м.

б) К1, К2 жана К3 мааниси ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык аныкталат.

в) Муницыпалдык мүлктү ижарага аукцион жана конкурс өткөрүү жолу менен берген учурда, Аж - жер участогун пайдалануу үчүн акы тооруктардын жыйынтыгында аныкталган бир айлык ижара акынын көлөмүнө кошулат.

Аж - ушул Нускаманын 1-пунктуна ылайык аныкталат.

 

2024-жылдын 01-февралындагы Үч-Терек

айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын

кезексиз ХХV сессиясынын №211 токтомуна

№ 2-тиркеме

Муниципалдык  мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. Жалпы жоболор

1. Ушул Жобо муниципалдык мүлктү ижарага берүүнүн шарттарын жана тартибин аныктайт.

2. Ушул Жободо пайдаланылган негизги түшүнүктөр:

муниципалдык мүлктү ижарага берүү - пайдаланылбаган муницыпалдык  мүлктү акы алуу аркылуу убактылуу ээлик кылууга жана пайдаланууга же убактылуу пайдаланууга өткөрүп берүү;

ижарага берүүчү – муницыпалдык  бийлик жана башкаруу органы, мамлекеттик мекеме, мамлекеттик мүлктү ижарага берүүчү мамлекеттик ишкана;

баланс кармоочу – муницыпалдык  бийлик жана башкаруу органы, муницыпалдык  мекеме, муницыпалдык  мүлк алардын оперативдүү башкаруусунда же чарбасында болгон муниципалдык  ишкана;

ижарага алуучу - жеке жана юридикалык жактар, анын ичинде ушул Жободо бекитилген тартипте аларга муницыпалдык  мүлккө убактылуу ээлик кылуу жана колдонуу укугу берилген чет элдик жарандар;

аукцион – муницыпалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата тооруктун түрү, анда эң жогорку бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;

муниципалдык  мүлк – муницыпалдык  менчигиндеги имараттар, курулуштар, жайлар, ошондой эле транспорттук каражаттар, машиналар, жана жабдуулар;

комиссия – муницыпалдык  мүлктү ижарага берүү боюнча толук ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн, туруктуу иштей турган комиссия;

конкурс – муницыпалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата тооруктардын түрү, анда конкурстун талаптарына ылайык, абдан жакшы шарттарды сунуштаган катышуучу жеңүүчү деп таанылат;

ижаранын минималдуу өлчөмү - конкурс өткөрүүдө маалымдалган муниципалдык  мүлктү колдонуу үчүн ар бир айлык ижара акынын минималдуу өлчөмү;

ижара объекти - ижарага берүү предмети болуп саналган муницыпалдык  мүлк, ошондой эле ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата тооруктар жүргүзүлүп жаткан мамлекеттик мүлк;

талапкер - ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата тоорукка катышуусун билдирген жана ижарага берүү келишимин түзүү укугуна талапкерлигин койгон жак;

ижарага түз берүү - тооруктарды өткөрбөстөн, муницыпалдык  мүлктү ижарага берүүнүн түрү;

ижарага берүүнүн баштапкы өлчөмү – муниципалдык  мүлктү пайдалануу үчүн ижаранын ай сайын төлөнүүчү  акысынын баштапкы өлчөмү, андан ижара келишимин түзүү укугуна карата аукцион башталат;

тоорук – муницыпалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата аукцион же конкурс;

ыйгарым укуктуу орган - муниципалдык мүлктү башкаруу тармагындагы толук ыйгарым укуктуу муницыпалдык  орган.

3. муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү, ижарага түз берүү жолу же тооруктардын натыйжалары боюнча жүргүзүлөт.

4. Баланс кармоочу муниципалдык органдын ведомство алдындагы же болбосо аймактык бөлүгү болгон учурда, муницыпалдык мүлктү ижарага берүү жогору турган муниципалдык  орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт.

Эгерде, баланс кармоочу муниципалдык ишкана же болбосо мекеме болгон учурда, муниципалдык мүлктү ижарага берүү жетекчилик жүргүзгөн муниципалдык орган менен макулдашуу боюнча жүргүзүлөт, ал:

- муниципалдык ишкананын же болбосо мекеменин уставдык документтеринде уюштуруучу катарында көргөзүлөт;

- муниципалдык ишкананын же болбосо мекеменин ишине жалпы жетекчиликти жана координациялоону жүргүзөт;

- ушундай ишкана же мекеме анын жетекчилиги алдында иштейт.

5. Ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата тооруктар, ыйгарым укуктуу органдын чечими менен түзүлө турган комиссия тарабынан жүргүзүлөт.

Комиссиянын курамына ыйгарым укуктуу органдын, баланс кармоочунун жана зарылдыгына жараша башка муниципалдык уюмдардын өкүлдөрү киргизилет.

Комиссиянын курамы жана иштөө тартиби ыйгарым укуктуу орган тарабынан бекитилет.

Комиссиянын чечими протокол менен таризделет, ага жыйынга катышкан комиссия мүчөлөрүнүн жана тооруктан уткан жактын колу коюлат.

6. Баланс кармоочу тоорукка катышууга талапкердин талабы боюнча техникалык абалын карап чыгуу максатында ижара объектисин кароону камсыз кылат, ошондой эле муниципалдык  мүлктү ижарага берүүнүн типтүү келишимин таанышуу үчүн сунуштайт.

7 Тоорук өткөрүү жөнүндөгү маалыматтык билдирүү, ыйгарым укуктуу органдын жана баланс кармоочунун (ал болсо) расмий интернет-сайттарында жайгаштырылууга тийиш. Объект региондордо жайгашкан болсо, маалымат региондук же жергиликтүү басмалардын биринде жайгаштырылат. Тоорук өткөрүү жөнүндөгү маалыматтык билдирүү, тоорук өткөрүүгө чейин, отуз күн мурда жалпы жарыяланууга тийиш.

Маалыматтык билдирүүлөрдү жарыялоо жана тоорук өткөрүүнүн чыгымдары, баланс кармоочунун каражаттарынын эсебинен жабылат.

8. Тоорукка катышуу үчүн талапкер жарыяланган ижарага берүүнүн баштапкы же болбосо минималдык өлчөмүнүн 10% шертпулду маалыматтык билдирүүдө көрсөтүлгөн эсепке төгүүгө тийиш.

Тооруктун жеңүүчүсүнөн башка, бардык катышуучуларга жана талапкерлерге тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюлгандан кийин, 10 банктык күндүн ичинде шертпул кайтарылып берилет.

Тооруктун жеңүүчүсүнүн шертпулу ижара акысын төлөө эсебине которулат. Эгерде тооруктун жеңүүчүсү тооруктун жыйынтыгы жөнүндө протоколго кол коюудан же ижарага берүү келишимин түзүүдөн баш тарта турган болсо, шертпул кайтарылып берилбейт.

9. Муницыпалдык мүлктү ижарага берүү шарттары, ижара алуучунун жана ижара берүүчүнүн укуктары, милдеттери, тараптардын жоопкерчиликтери жана ижаранын башка шарттары ижара келишими менен белгиленет.

10. Ижарага алуучу ижара келишими күчүнө кирген мезгилден тартып мамлекеттик мүлктү ижарага алат. Ижара келишими ыйгарым укуктуу органдын каттоосунан өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Муницыпалдык мүлктү ижарага берүү келишими баланс кармоочунун сунушу боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталган мөөнөткө түзүлөт. Ижарага берүү келишиминин мөөнөтү эки жылдан ашпоого тийиш.

11. Эгерде конкурстун жыйынтыгы боюнча ижарага алуучу ижара объектисине капиталдык оңдоо жүргүзүү же реконструкциялоо, ага жакын аймактарды көрктөндүрүү, баланс кармоочунун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүү милдетин алса, анда тараптардын макулдашуусу боюнча ижара келишими он жылдан көп эмес мөөнөткө түзүлөт. Ошону менен жүргүзүлгөн жакшыртуунун наркы баланс кармоочу тарабынан кайтарылып берилбейт.

Ижара мөөнөтү бүткөндөн кийин, келишимдик милдеттенмелерди аткаруунун алкагында ижарага алуучу тарабынан. жүргүзүлгөн бардык бөлүнүүчү жана бөлүнбөөчү жакшыртуулар кайтарымсыз ижара берүүчүгө берилет жана анын чарба жүргүзүүсүнө же оперативдүү башкаруусунда калат.

12. Эгерде коммерциялык банктар тарабынан банкоматтарды жана төлөм терминалдарын орнотуу үчүн жайлардын бөлүгүн мамлекеттик, ошондой эле администрациялык мекемелерден ижара алууда ижара келишими үч жылга түзүлөт.

13. Ыйгарым укуктуу органдын жана баланс кармоочу-уюмдун кызматкерлери мамлекеттик мүлктү ижарага алуучу боло алышпайт.

14 Ижарага алуучу ижарага алынган муницыпалдык мүлктү кайра ижарага берүүгө, ижара келишими боюнча өзүнүн укуктарын башка жакка күрөө катары берүүгө, ошондой эле юридикалык жактардын уставдык капиталына аманат катары төгүүгө укуксуз.

15. Ижара келишиминин шарттарынын аткарылышын, ижарага берилип жаткан муницыпалдык мүлктүн техникалык абалын, мамлекеттик мүлктүн максаттуу багыты боюнча колдонулушун текшерүү максатында, ижарага берүүчү жана толук ыйгарым укуктуу орган ижарага алуучунун катышуусунда ижара объектисин кароого, ал үчүн бардык керектүү документтерди жана материалдарды суроого жана алууга укуктуу.

16. Капиталдык оңдоо, ижарага берүүчү тарабынан жүргүзүлөт, эгерде келишимде башкача каралбаса.

2. Мамлекеттик мүлктү ижарага түз берүү

17. Муниципалдык мүлк төмөнкү учурларда ижарага тоорук өткөрүлбөстөн берилет, эгерде:

- ижара объектиси болуп кыймылдуу мамлекеттик мүлк эсептелсе;

- кыймылсыз муниципалдык  мүлктүн ижарага бериле турган аянты 70 кв.м ашпаса;

- ижарага алуучу чарбалык эсептин негизинде ишин жүргүзүүчү мамлекеттик же муниципалдык ишкана болсо;

- ижарага алуучу мамлекеттик же муниципалдык түзүм уставдык капиталдын элүү пайыздан ашык үлүшүнө (акциясына) ээлик кылган чарбалык коом болсо;

- муниципалдык  мүлк, убактылуу ээлик кылуу жана пайдалануу үчүн же мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө макулдашууну ишке ашыруунун алкагында жеке өнөктөшкө берилсе;

Мамлекеттик мүлк аянтына карабастан мамлекеттик-жеке өнөктөштүк

18. Муниципалдык  мүлктү ижарага түз берүү үчүн баланс кармоочу муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишиминин долбоорун ыйгарым укуктуу органга макулдашууга берет.

Ижара келишиминин долбооруна төмөнкүлөр тиркелет:

- ижарага берилип жаткан муниципалдык  мүлктүн техникалык паспортунун же башка техникалык документтеринин (схема, план) көчүрмөлөрү;

- ижарага алуучу - жеке жак үчүн: ким экендигин күбөлөгөн документинин көчүрмөсү; жеке ишкерлер үчүн: ишкердик иш-аракеттерди жүргүзүүчү жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн же патентинин көчүрмөсү; юридикалык жак үчүн - юридикалык жакты мамлекеттик каттоо (кайра каттоосу) жөнүндө күбөлүгүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

- ижаралык акынын эсеби.

Ижара келишими, ижара келишиминин мөөнөтүн көрсөтүү менен баланс кармоочу-уюмдун жетекчиси кол койгон расмий кат менен коштолот.

19. Расмий кат менен ижара келишиминин долбоору келип түшкөн күндөн кийин бир айдын ичинде ыйгарым укуктуу орган, берилген материалдарды карап чыгат, ижаралык акынын туура эсептелгендигин текшерет жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

- ижара келишимин макулдашуудан жана каттоодон өткөрөт;

- келишим ушул Жобонун ченемдерине жооп бербеген учурда ижара келишиминин долбоорун жана ижаралык акынын эсебин тактап иштөөгө кайра кайтарылат;

- кыймылсыз муниципалдык  мүлктүн ижарага бериле турган аянты 70 кв.м ашык болсо, ижара келишимин түзүү укугуна карата аукцион өткөрүүнүн зарылдыгы жөнүндө баланс кармоочуга билдирет.

Тараптар тарабынан кол коюлган ижара келишими жети күндүк мөөнөттө ижарага берүүчүнүн расмий каты менен ыйгарым укуктуу органга каттоо үчүн берилет.

3. Муниципалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата аукцион өткөрүү

20. муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата аукцион өткөрүү үчүн баланс кармоочу ыйгарым укуктуу органга тиркемеси менен бирге расмий кат жөнөтөт:

- бул Жобонун 1-тиркемесине ылайык форма боюнча жетекчи кол койгон арыз;

- ижаралык акынын баштапкы өлчөмүнүн эсеби;

- ижарага берилип жаткан муниципалдык  мүлктүн техникалык паспортунун же башка техникалык документтеринин (схема, план) көчүрмөлөрү.

21. Арыз келип түшкөн күндөн кийин ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде:

- берилген материалдарды карап чыгат, ижаралык акынын баштапкы өлчөмү туура эсептелгендигин текшерет;

- аукцион өткөрүү күнүн, ордун жана формасын аныктайт;

- талапкер берүүчү шерт пулдун суммасын жана мөөнөтүн аныктайт;

- аукцион өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүүнүн текстин даярдайт, өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырат жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басып чыгаруу жана интернет-сайтына (бар болсо) жайгаштыруу үчүн аны баланс кармоочуга жөнөтөт.

22. Аукционду өткөрүү жөнүндө маалыматтык билдирүү төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:

- баланс кармоочунун аталышын;

- ижаралык объекттин аталышын, жайгашкан жерин жана дайындалышын;

- ижаралык объектинин аянтын жана техникалык абалын;

- аукционго катышууга карата билдирүүлөрүн кабыл алынган жери, күнү, убакыты;

- аукцион өткөрүлө турган жер, күнү, убактысы, ошондой эле катышуучуларды каттоо башталган жана аяктаган убакыт;

- аукционду өткөрүү тартиби тууралуу маалымат;

- аукционго катышуу үчүн талапкерлер берилүүчү документтердин тизмегин;

- ижаранын баштапкы өлчөмүн;

- шертпулдун суммасын жана берүү мөөнөтүн, ошондой эле ал которула турган эсептин реквизиттерин;

- ижаранын мөөнөтүн;

- ыйгарым укуктуу органдын кароосу боюнча башка маалыматты.

23. Ижара келишимин түзүү укугуна карата аукцион комиссия тарабынан жүргүзүлөт, ага төмөнкү милдеттер жүктөлөт:

- аукционго катышууга карата келип түшкөн билдирүүлөрдү кароо; аукционго катышууга талапкерлерди киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

- аукционго катышуу үчүн талапкерлерди каттоо;

- комиссиянын мүчөлөрүнөн же ыйгарым укуктуу органдын кызматкерлеринен аукцион өткөрүүчүнү аныктоо;

- аукциондун кадамынын өлчөмүн аныктоо;

- аукционду өткөрүү;

- аукцион өткөрүлдү же өткөрүлгөн жок деп таануу;

- аукциондун жеңүүчүсүн аныктоо;

- аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүү.

24. Эгерде баланс кармоочунун өзү же башка муниципалдык  уюм тарабынан ижара келишимин түзүү укугуна аукцион жарыяланган муницыпалдык мүлктү пайдалануу зарылчылыгы пайда болсо, ыйгарым укуктуу орган тоорук жүргүзүүдөн баш тартат.

Тооруктарды жүргүзүү жөнүндө маалыматтык билдирүүдө башкасы каралбаса, аны өткөрө турган күндөн кеминде үч күн мурда, аукционго катышуучу талапкерлерге жазуу түрүндө билдирүү аркылуу ыйгарым укуктуу орган кандай убакта болсун аукцион өткөрүүдөн баш тартууга укуктуу.

Ыйгарым укуктуу орган аукцион жүргүзүүдөн баш тартса, талапкерлер төккөн шертпулдун суммалары он банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

Билдирүүлөрдү кабыл алуу аяктаганга чейин кеминде үч күн мурдагы мөөнөттө, талапкер катталган билдирүүсүн комиссияга жазуу түрүндө билдирүү аркылуу кайра чакыртып алууга укуктуу.

Талапкер катталган билдирүүсүн кайра чакыртып алса, талапкер койгон шертпулдун суммасы он банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

25. Аукционго катышуу үчүн талапкерлер маалыматтык билдирүүдө белгиленген мөөнөттө комиссияга төмөнкү документтерди беришет:

- бул Жобонун 2-тиркемесине ылайык форма боюнча аукционго катышууга карата билдирүүсүн;

- шертпул берилгендигин ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөсүн.

Жеке жактар ким экендигин күбөлөгөн документин беришет (билдирүүсүн өткөрүү учурунда талапкердин жеке өзү тарабынан көрсөтүлөт); жеке ишкерлер - ишкердик ишин жүргүзүүчү жеке жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн же патенттин көчүрмөсүн.

Эгерде, билдирүү талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан иш жүргүзүүгө ыйгарым укугу берилген жактын нотариус күбөлөндүргөн ишеним катын (түп нускасын же көчүрмөсүн) бериши керек.

Юридикалык жактар кошумча төмөнкү документтерди беришет:

- юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариус күбөлөгөн көчүрмөсүн;

- юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү жүргүзүүгө укук берген өкүлдүн атына берилген ишеним катты.

26. Эгерде, талапкер тарабынан ушул Жобонун 26-пунктунда көрсөтүлгөн документтер толук берилбесе же берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына туура келбесе, комиссия талапкердин аукционго катышуусуна жол бербейт.

27. Тоорук башталганга чейин отуз мүнөт мурда комиссиянын катчысы, ушул Жобонун 3-тиркемесине ылайык түзүлө турган, аукциондун катышуучуларын каттоо ведомостун толтуруу менен талапкерлерди каттайт.

Катталган талапкер аукциондун катышуучусу болот жана төмөнкүлөрдү алат:

- аукциондун катышуучусунун номери жазылган табличканы;

- аукционду өткөрүү тартибинин текстин.

Аукцион башталаардын алдында катталбаган талапкер аукционго катыша албайт.

Тооруктун жүрүшүндө катышуучу ага берилген жекече номери менен өзүнүн табличкасын гана колдонот.

28. Аукциондогу тооруктар ушул Жобонун 4-тиркемесине ылайык аукционду өткөрүү тартибине ылайык жүргүзүлөт.

29. Аукцион төмөнкү учурларда өткөрүлгөн жок деп таанылат, эгерде:

- аукционго катышууга билдирүүлөр берилбесе;

- талапкерлердин бирөө да аукционго катышууга киргизилбесе:

- аукционго катышуу үчүн бир эле катышуучу катталса;

- катышуучу-жеңүүчү протоколго кол коюудан баш тартса.

Тооруктун жүрүшүндө ижаралык объекти үчүн эң жогорку бааны сунуш кылган катышуучу аукциондун жеңүүчүсү болуп калат.

30. Аукциондун натыйжалары бул Жобонун 5-тиркемесине ылайык форма боюнча комиссия тарабынан түзүлө турган, аукциондун натыйжалары жөнүндө протоколдо чагылдырылат. Протокол эки нускада түзүлөт, аукцион өткөрүүгө катышкан комиссиянын мүчөлөрү жана аукциондун жеңүүчүсү тарабынан тоорук жүргүзүлгөн күнү кол коюлат.

31. Аукциондун жеңүүчүсү тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тартса, ал ижара келишимин түзүүдөн баш тарткан катары каралат, андай учурда бир кадам төмөн бааны сунуштаган катышуучу жеңүүчү болуп жарыяланат.

Комиссия эки күндүн ичинде тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюудан баш тарткан катышуучудан бир кадам төмөн бааны сунуштаган аукциондун жеңүүчү-катышуучусуна тооруктун жыйынтыктары жөнүндө протоколго кол коюуну сунуштайт.

32. Аукцион өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда комиссия, аукционду кайталап жарыялоо тууралуу же объектти сатыктан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алууга укуктуу.

Аукцион эки жолу өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда, Комиссия баланс кармоочунун сунушу боюнча объектти ижарага түз берүү чечимин кабыл алат.

33. Тоорук жүргүзүлгөндөн кийин жети күндүн ичинде ыйгарым укуктуу орган аукциондун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсүн баланс кармоочуга жөнөтөт. Баланс кармоочу протокол түзүлгөндөн кийин он күндүн ичинде тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзүшү керек.

34. Жети күндүк мөөнөттө тараптар кол койгон ижара келишими ижарага берүүчүнүн расмий каты менен бирге коштолуп, ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Ыйгарым укуктуу орган берилген материалдарды он күндүн ичинде карап чыгат жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

- ижара келишимин каттоодон өткөрөт;

- эгерде келишим ушул Жобого ылайык келбесе, ижара келишимин бышыктап иштеп чыгууга кайра кайтарат.

4. Муниципалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата конкурс

35. Муниципалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата конкурс баланс кармоочунун сунушу боюнча же ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн:

- калыбына келтирүүгө, кайрадан оңдоого, модернизациялоого, капиталдык оңдоого карата орчундуу инвестицияларды тартууну талап кыла турган объектилерге карата;

- объектти колдонуу боюнча баланс кармоочу тарабынан берилген шарттар, ижаралык объектиге, анын иштөө жана иштетүү режимине же ижарага алуучу тарабынан өндүрүлө турган товарлардын же ал көрсөтө турган тейлөө кызматтарынын сапатына карата кайсы бир милдеттенмелерди ижарага алуучунун кабыл алуусун болжолдоо.

Конкурс өткөрүү үчүн муницыпалдык мүлктү пайдалангандыгы үчүн ай сайын алынуучу ижара акысынын минималдуу өлчөмү, ошондой эле ижара алуучу өзүнө кабыл алуучу милдеттенмелер аныкталат.

36. Муниципалдык мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугуна карата конкурс өткөрүү үчүн баланс кармоочу ыйгарым укуктуу органга тиркемелери менен бирге расмий кат жөнөтөт:

- Жобонун 1-тиркемесине  ылайык форма боюнча жетекчи кол койгон билдирүү;

- конкурстун катышуучуларына карата талаптар;

- конкурстук шарттар;

- ижаралык минималдуу өлчөмдүн эсеби;

- ижарага берилип жаткан муницыпалдык мүлктүн техникалык паспорту же башка техникалык документтердин (схема, план) көчүрмөлөрү.

37. Арыз келип түшкөн күндөн кийин ыйгарым укуктуу орган бир айдын ичинде:

- берилген материалдарды карап чыгат, ижаралык акынын минималдуу өлчөмү туура эсептелгендигин текшерет;

- конкурс өткөрүлө турган датаны, ордун (жерин) жана убакытын аныктайт;

- талапкер берүүчү шертпулдун суммасын жана мөөнөтүн аныктайт;

- конкурсту өткөрүү жөнүндө маалыматтык кабардын текстин даярдайт, өзүнүн расмий интернет-сайтында жайгаштырат жана аны жалпыга маалымат басма каражаттарында басып чыгаруу жана расмий сайттарга (бар болсо) жайгаштыруу үчүн баланс кармоочуга жөнөтөт.

38. Конкурс өткөрүү жөнүндө маалыматтык кабар төмөнкү маалыматтарды камтуусу керек:

- баланс кармоочунун аталышын;

- ижаралык объектинин аталышын, жайгашкан жерин жана дайындалышын;

- ижаралык объектинин аянтын жана техникалык абалын;

- арыздарды жана конкурстук сунуштарды кабыл алуу жерин, датасын, убакытын;

- шертпулдун суммасын жана төгүү мөөнөтүн, ошондой эле ал которула турган эсептин реквизиттерин;

- ижаранын минималдуу өлчөмүн жана мөөнөтүн;

- конкурстун катышуучуларына карата талаптарды жана конкурстук шарттарды;

- конкурска катышуу үчүн талапкерлер бере турган документтердин тизмегин;

- арыздар жана конкурстук сунуштар салынган конверттерди ачуу, аларды кароо жана конкурстун жыйынтыктарын чыгаруу, ордун, датасын жана убакытын.

39. Ижара келишимин түзүү укугуна карата конкурс комиссия тарабынан жүргүзүлөт, ага төмөнкү маселелер жүктөлөт:

- конкурска катышууга карата келип түшкөн арыздарды каттоо жана кароо;

- конкурска катышууга талапкерлерди киргизүү жөнүндө чечим кабыл алуу;

- конкурстук сунуштарды кароо жана баалоо;

- конкурстун жеңүүчүсүн аныктоо;

- конкурс өткөрүлдү же өткөрүлгөн жок деп таануу;

- конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протокол түзүү.

40. Эгерде баланс кармоочунун өзү же башка муницыпалдык уюмдар тарабынан ижара келишимин түзүү укугуна конкурс жарыяланган муницыпалдык мүлккө карата пайдалануу зарылчылыгы пайда болсо, ыйгарым укуктуу орган тоорук жүргүзүүдөн баш тартат.

Тооруктарды жүргүзүү жөнүндө маалыматтык кабарда башкасы каралбаса, аны өткөрө турган күндөн үч күн мурда, андан кечиктирбестен конкурска катышуучу талапкерлерге ал тууралуу жазуу түрүндө билдирүү аркылуу ыйгарым укуктуу орган же баланс кармоочу каалаган убакта конкурстан баш тартууга укуктуу.

Ыйгарым укуктуу орган аукцион жүргүзүүдөн баш тартса, талапкер койгон шертпулдун суммасы он банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

Арыздарды кабыл алуу аяктаганга чейин, үч күн мурда, андан кем эмес мөөнөттө, талапкер катталган билдирүүсүн комиссияга жазуу түрүндө билдирүү жолу менен кайра чакырып алууга укуктуу.

Талапкер, катталган арызын кайра чакырып алса, талапкер койгон шертпулдун суммасы он банктык күндүн ичинде кайтарылууга тийиш.

41. Жобонун 2-тиркемесинде келтирилген форма боюнча конкурска катышууга билдирүү, ушул билдирүү берилип жаткан конкурстун аталышы көрсөтүлгөн, чапталган конверт жазуу түрүндө комиссияга берилет. Талапкерлер төмөнкү документтерди да беришет:

- конкурстун шарттарын аткаруу жана ижаралык акынын өлчөмү боюнча сунуштар;

- шертпул төлөнгөндүгүн ырастаган төлөм документтеринин көчүрмөсү;

- юридикалык жактар үчүн - билдирүү берилген күндөн мурдагы, акыркы кварталга карата бардык баскычтагы бюджеттерге салык төлөмдөрү боюнча мөөнөтү өткөн карыздарынын жоктугун тастыктоочу салык органынан маалымдама.

Жеке адамдар ким экендигин күбөлөндүргөн документтердин көчүрмөсүн беришет; жеке ишкерлер - ишкердик иш жүргүзүүчү жеке адамдын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн же патенттин көчүрмөсүн. Эгерде, билдирүү талапкердин өкүлү тарабынан берилсе, анда талапкердин атынан иш жүргүзүүгө ыйгарым укугу берилген жактын нотариус күбөлөндүргөн ишеним катын (түп нускасын же көчүрмөсүн) бериши керек.

Юридикалык жактар юридикалык жактын мамлекеттик каттоосу (кайра каттоосу) жөнүндөгү күбөлүгүнүн нотариус күбөлөндүргөн көчүрмөсүн, юридикалык жактын атынан чыгууга жана тийиштүү бүтүмдөрдү жүргүзүүгө карата өкүлдүн атына берилген ишеним катын бериши керек.

Талапкер билдирүү менен кошо бардык берилген документтердин эки нускадагы кол коюлган тизимин берет.

Ыйгарым укуктуу орган жана комиссия, конверт ачылганга чейин конкурска катышууга карата билдирүүлөрдө камтылган маалыматтардын жашыруундуулугун камсыз кылууга милдеттүү.

42. Маалыматтык кабарда көрсөтүлгөн күнү комиссия ушул Жобонун 42-пунктунун талаптарына алардын ылайык келүүсүн кароо үчүн билдирүүлөр салынган конверттерди ачат.

Конкурска катышууга карата билдирүүлөрдү кароонун жыйынтыктарынын негизинде комиссия тарабынан протокол түзүлөт, анда конкурска катышууга талапкерлерди катыштыруу жөнүндөгү же андан баш тартуу жөнүндөгү чечимдер көрсөтүлөт. Комиссия тарабынан кабыл алынган чечимдер жөнүндө билдирүүлөр, көрсөтүлгөн протоколго кол коюлгандан кийин үч күндөн кечиктирбестен талапкерлерге жөнөтүлөт.

43. Төмөнкү учурларда конкурс өткөн жок деп таанылат, эгерде:

- конкурска катышууга карата билдирүүлөр берилбесе;

- бардык талапкерлер үчүн конкурска катышууга жол берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынса;

- конкурска катышууга бир эле талапкер өткөрүлсө;

- катышуучу-жеңүүчү протоколго кол коюудан баш тартса.

44. Билдирүүлөрдү кароо боюнча протоколго кол коюлган күндөн кийин, он күндүн ичинде комиссия конкурстук сунуштарды жалпы ачууга жана кароого киришет. Конкурстук сунуштарды кароо учурунда конкурстун катышуучулары жеке өздөрү катыша алат же тийиштүү түрдө дайындалган ыйгарым укуктуу өкүлдөрүн жөнөтүшөт.

45. Конкурстук сунуштарды баалоо, конкурстун шарттарына жана баланс кармоочу тарабынан коюлган талаптарга карата, анын ичинде төмөнкү критерийлер боюнча комиссия тарабынан жүргүзүлөт:

- объектти кайра оңдоо, калыбына келтирүү жана капиталдык оңдоонун сметалык наркы жана мөөнөттөрү;

- эң сонун архитектуралык-чыгармачылык жана архитектуралык-пландык чечимдер;

- объекттин сунушталган инженердик-техникалык мүнөздөмөлөрү;

- ижарага алуучу тарабынан өндүрүлгөн товарлардын, аткарыла турган иштердин, көрсөтүлө турган тейлөө кызматтардын сунуш кылынган мүнөздөмөлөрү;

- жаңы жумушчу орундарды түзүү;

- экологиялык жактан таза технологияларды жана материалдарды колдонуу.

Эгерде, конкурстук сунуштарды баалоо бир жыйындын ичинде аяктабаса же аларды изилдөө үчүн атайын адистерди тартуу керек болсо, комиссия кийинки жыйынга чейин конкурсту өткөрүү мөөнөтүн узартуу жөнүндө чечим кабыл алат.

46. Конкурстун талаптарына ылайык, абдан жакшы шарттарды сунуш кылган конкурстун катышуучусу конкурстун жеңүүчүсү болуп таанылат.

Конкурстун натыйжалары Жобонун 6-тиркемесине ылайык форма боюнча комиссия тарабынан түзүлө турган конкурстун жыйынтыктар жөнүндөгү протоколунда чагылдырылат. Протокол эки нускада түзүлөт, аларга комиссиянын мүчөлөрү жана конкурстун жеңүүчүсү тарабынан тоорук жүргүзүлгөн күнү кол коюлат.

47. Конкурс өткөрүлгөн жок деп таанылган учурда, комиссия баланс кармоочунун сунушу боюнча конкурсту өзгөртүлгөн шарттары менен кайталап жарыялоо тууралуу же объектти аукционго коюу же тооруктан чыгаруу тууралуу чечим кабыл алат.

48. Конкурстун жыйынтыктары жөнүндө протоколдун көчүрмөсү тоорук жүргүзүлгөндөн тартып жети күндөн кечиктирбестен ыйгарым укуктуу орган тарабынан баланс кармоочуга жөнөтүлөт. Баланс кармоочу протокол түзүлгөндөн кийин жыйырма күндүн ичинде тооруктун жеңүүчүсү менен ижара келишимин түзүшү керек. Ижара келишими ижарага алуучунун ижара объектисинин тиркемелерин, зарылдыгына жараша график-планын жана башка материалдары менен милдеттенмелерин камтуусу керек.

49. Жети күндүк мөөнөттө тараптар тарабынан кол коюлган ижара келишими ижарага берүүчүнүн расмий каты менен бирге коштолуп ыйгарым укуктуу органга жөнөтүлөт. Ыйгарым укуктуу орган берилген материалдарды он күндүн ичинде карап чыгат жана төмөнкү чечимдердин бирин кабыл алат:

- ижара келишимин каттоодон өткөрөт;

- эгерде келишим ушул Жобого туура келбесе, ижара келишими бышыктап иштетүүгө кайра кайтарылат.

50. Конкурстун жыйынтыктары боюнча кабыл алынган келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоо ижара берүүчүгө жүктөлөт. Финансылык жыл аяктаганда ижара берүүчү жыл сайын ижарага алуучу тарабынан келишимдик милдеттенмелерди аткаруунун жүрүшү тууралуу отчетту ыйгарым укуктуу органга берет.

5. Муниципалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү, өзгөртүү жана бузуу тартиби

51. Тараптар Муниципалдык кыймылсыз мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү келишимде (ушул Жобонун 7-тиркемеси) жана Муницыпалдык кыймылдуу мүлктү ижарага берүү боюнча типтүү келишимде (8-тиркеме) аныкталган шарттарда ижара келишимин түзүшөт.

Зарылдыгына жараша ижара келишиминде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка шарттар каралышы мүмкүн.

52. Келишимдин шарттарына өзгөртүүлөр жана толуктоолор тараптар тарабынан колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашуу түзүү жолу менен киргизилиши мүмкүн. Тараптардын милдеттери кошумча макулдашуу ыйгарым укуктуу орган тарабынан каттоодон өткөндөн кийин өзгөртүлдү деп эсептелет.

53. Өздөрүнүн милдеттенмелерин талаптагыдай аткарган ижарага берүүчү жана ижарага алуучу келишимдин мөөнөтү аяктаганга бир ай калганга чейин, андан кечиктирбестен, кийин аны ыйгарым укуктуу органда макулдашуу жана каттоо менен колдонуудагы ижара келишимине кошумча макулдашууну түзүп, тараптар ижара келишиминин мөөнөтүн узарта алышат. Бул эреже тооруктардын жыйынтыктары боюнча ошондой эле ижарага түз берүү жолу менен түзүлгөн келишимдерде колдонулат.

54. Ижара келишими төмөнкү учурларда токтотулат:

- эгерде, ошол убакыттын ичинде ижара келишими узартылбаса, ижара келишимин колдонуу мөөнөтүнүн акыркы күнү аяктаганда;

- тараптардын өз ара макулдашуусу боюнча келишим бузулган учурда;

- тараптардын биринин талабы боюнча келишим сот тарабынан мөөнөтүнөн эрте бузулса.

55. Тараптардын макулдашуусу боюнча келишим бузулгандан кийин, үч күндүн ичинде ижарага берүүчү ижара келишимин бузуу жөнүндө макулдашууну тиркөө менен билдирүүнү ыйгарым укуктуу органга берүүгө милдеттүү.

56. Ижарага берүүчүнүн талабы боюнча ижара келишими сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн, эгерде, ижарага алуучу:

- ижаралык объект келишимдин шарттарын бузуу менен же мүлк максаттык эмес багытта колдонулса;

- тоорук жүргүзүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынган милдеттерин аткарбаса же талаптагыдай эмес аткарса;

- муницыпалдык  мүлктү кайрадан ижарага берсе;

- келишимде белгиленген мөөнөт аяктаганда, ижаралык акыны эки жолудан ашык төлөбөсө;

- пайдалануу процессинде ижаралык объектинин техникалык мүнөздөмөсү же функциялык өзгөчөлүктөрү начарласа, же анын оңдоого мүмкүн болбогондой, талкаланышына алып келгендей жабыркаса, аларды жок кылуу үчүн калыбына-келтирүү оңдоо иштерин жүргүзүү талап кылынса;

- ижарага берүүчүнүн жакшы иштөөсүнө жолтоо болсо же анын иши ижарага берүүчү үчүн финансылык, өндүрүштүк жана техникалык жактан терс кесепеттерге алып келсе.

57. Ижарага алуучунун талабы боюнча ижара келишими сот тарабынан мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн, эгерде:

- ижара берүүчү муницыпалдык  мүлктү колдонууга бербесе же келишимдин шарттарына жана мүлктүн дайындалышына ылайык ижаралык объектти пайдалануу үчүн тоскоолдук түзсө;

- ижарага алуучуга берилген муницыпалдык  мүлк келишимди түзүү учурунда ижарага берүүчү тарабынан сүйлөшүлбөгөн, ижарага алуучуга мурдатан белгисиз болгон жана алар ижаралык объектини кароо же келишимди түзүү учурунда же анын оң экендигин текшерүү учурунда байкалбаган кемчиликтер аларды пайдаланууга тоскоолдуктарды жаратса;

- ижарага алуучу жооп бербей турган кырдаалдардын себебинен улам муницыпалдык  мүлк пайдалануу үчүн жараксыз абалда болуп калса.

58. Ижара келишиминин мөөнөтүн эрте бузуу үчүн тарап экинчи тарапка анын келишимдик милдеттерди аткаруусу зарыл экендиги же кетирилген тартип бузууларды он беш күндүн ичинде жоюу жөнүндө эскертүү катын жөнөтөт.

Ижара келишимин мөөнөтүнөн мурда бузуу тууралуу талап боюнча тарап сотко арызданышы мүмкүн:

- келишимди бузуу жөнүндө сунуштан экинчи тарап баш тарткан же сунушта көрсөтүлгөн мөөнөттө, ал жок болсо - отуз күндүк мөөнөттө жооп алынбаган учурда;

- экинчи тарап келишимдин милдеттерин аткарбаган же жазуу жүзүндө эскертүү алгандан кийин, он беш күндүк мөөнөттө өзү кетирген тартип бузууларын жойбогон учурда.

59. Ижара келишимин токтотуу, ижарага алуучуну ижаралык акыны, туумдарды жана айыптарды төлөө боюнча карыздарды төлөөдөн бошотпойт.

60. Ижара келишимин токтотуу учурунда ижарага берүүчү бир айлык мөөнөттө ижарага берилген объектти өзүнүн ээлигине жана пайдалануусуна кайтаруу боюнча чараларды көрүшү керек жана ыйгарым укуктуу органга тийиштүү маалыматты бериши керек.

6. Муниципалдык  мүлктү пайдалангандыгы үчүн ижаралык акы

61. Ижаралык акы төлөмдөрдүн белгиленген так суммасында бекитилген түрүндө ижарага берүүчүнүн эсебине төгүлөт. Ижаралык акы коммуналдык төлөмдөрдү, эксплуатациялык чыгымдарды жана салык жана башка мыйзамдарда каралган башка төлөмдөрдү камтыбайт.

62. Ижарага алуучунун ижаралык акыны төлөө милдеттенмеси ижара келишиминде көрсөтүлгөн датадан тартып жаралат.

63. Ижаралык акыдан келип түшкөн каражаттарды максаттуу пайдалануу үчүн ижарага берүүчү-уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери жоопкерчиликтүү болот.

64. Муниципалдык  мүлктүн ижаралык акысынан келип түшкөн каражаттар ай сайын ижарага берүүчүнүн эсептешүү эсебине келип түшөт жана ал тарабынан он банктык күндүн ичинде ыйгарым укуктуу органдын эсебине которулат, кийин алар салыктык эмес төлөмдөр жөнүндө мыйзамда белгиленген тартипте республикалык бюджетке которулат.

65. Муниципалдык  мүлктү түз берүү жолу менен же болбосо аукциондун жыйынтыгында ижарага алуучу, ижарага берүүчүнүн макулдугу менен ижаралык объектти капиталдык оңдоону же ижара объектин башка жакшыртуунун бөлүнгүс суммасы, оңдоону ишке ашырган учурда, жүргүзүлгөн иштердин сметалык наркына ылайык алардын суммасы, ижаралык акынын бир айлык өлчөмүнөн бир нече эсе ашса, алардын наркы, ыйгарым укуктуу орган менен макулдаштыкта ижарага берүүчүнүн башкаруусунда калган каражаттардан ижаралык акынын эсебинен жүргүзүлөт.

66. Ижарага берүүчү бул Жобонун 9-тиркемесине ылайык формада ар бир ижарага алуучу боюнча ижаралык акылардын келип түшкөндүгү жөнүндө маалыматтарды ыйгарым укуктуу органга ай сайын берип турушу керек.

Берилген маалыматтардын жана ижара келишимин түзүү менен байланышкан материалдардын ырастуулугу үчүн ижарага берүүчү-уюмдун жетекчиси жана башкы бухгалтери жоопкерчиликтүү болот.

67. Ижаралык акынын өлчөмү тараптардын бирге макулдашуусу боюнча түзүлүшү мүмкүн, бирок, мамлекеттик, анын ичинде администрациялык имараттарды, курулмаларды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамага ылайык эсептелген ижаралык акынын өлчөмүнөн төмөн болбошу керек.

68. Ижара акынын өлчөмүн мамлекеттик, анын ичинде администрациялык имараттарды, курулмаларды пайдалануу үчүн ижара акысын эсептөө тартиби жөнүндө нускамасы өзгөртүлгөн учурда, ыйгарым укуктуу орган тарабынан бир тараптуу тартипте өзгөртүлөт.

Жогоруда аталган Нускаманы өзгөртүү жөнүндө чечим күчүнө кирген күндөн тартып, он беш күндөн кечиктирилбей ижаралык акыны кайрадан эсептеп чыгаруу керектиги жөнүндө билдирүү ыйгарым укуктуу орган тарабынан ижарага алуучуга жана ижарага берүүчүгө жөнөтүлөт. Ижаралык акынын жаңы өлчөмү ижаралык акынын өлчөмүнүн өзгөрүшү жөнүндө ижаралык келишимге карата тараптардын кошумча макулдашуусу ыйгарым укуктуу орган тарабынан катталган күндөн тартып белгиленет.

Ижаралык акынын өлчөмүнүн өзгөрүшү менен ижарага алуучу макул болбосо, ал же ижарага берүүчү ижара келишимин аткаруудан бир тараптуу баш тартуу процессин демилгелөөгө укуктуу.

69. Ижара келишиминин мөөнөтү аяктагандан кийин да ижарага алуучу мамлекеттик мүлктү колдонууну улантса, ал мамлекеттик мүлктү пайдаланган убакыт үчүн жана мамлекеттик мүлк ижарага берүүчүнүн ээлигине жана пайдалануусуна иш жүзүндө кайтарылган мезгилге чейин ижаралык акыны төлөөгө милдеттүү.

  

7. Муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү

70. Ижарага берүүчү тарабынан муниципалдык мүлктү өткөрүп берүү жана аны ижарага алуучу тарабынан кабыл алуу, тараптар тарабынан түзүлө турган кабыл алуу-өткөрүү актысы боюнча жүргүзүлөт.

71. Муниципалдык  мүлктү өткөрүп берүүгө даярдоо, анын ичинде кабыл алуу-өткөрүү актысын түзүү жана кол коюуга берүү ижарага берүүчүнүн милдети болуп саналат, эгерде ижара келишиминде башкасы каралбаса, анын эсебинен жүргүзүлөт.

72. Акт ижарага берүүчүнүн жана ижарага алуучунун ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн катышуусунда түзүлөт.

Акт төмөнкүлөрдү камтышы керек:

- акттын түзүлгөн жерин жана датасын;

- ижара келишиминин реквизиттерин, ага ылайык мамлекеттик мүлктү кабыл алуу-өткөрүү жүргүзүлөт;

- өткөрүлүп бериле турган мамлекеттик мүлктүн техникалык абалын сыпаттап жазуу;

- табылган бузулууларын жана кемчиликтерин жоюунун мөөнөттөрү жана тартиби.

73. Актыга тараптардын өкүлдөрү тарабынан кол коюлат жана мөөрлөр менен күбөлөндүрүлөт. Келишимдин колдонулушу токтотулган учурда да ижарага алынган мүлктү кабыл алуу-өткөрүү актысы түзүлөт.

Келишимди токтотуу учурунда ижарага алуучу муницыпалдык  мүлктөрдү, алардын эскирүүсүн же келишимде шартталган абалын эске алуу менен ал аны кандай абалда кабыл алса, ошондой абалда ижарага берүүчүгө өткөрүп бериши керек.

 

8. Ижара келишими боюнча тараптардын жоопкерчиликтери

74. Ижара келишими боюнча милдеттенмелер аткарылбаса же талаптагыдай аткарылбаса, тараптар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жоопкерчилик тартышат.

75. Ушул Жобонун шарттарын бузгандыгы үчүн баланс кармоочу-уюмдун жетекчиси жекече түрдө жоопкерчилик тартат.

76. Ижара келишими боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарбаган же талаптагыдай аткарбаган күнөөлүү тарап башка тарапка келтирилген материалдык зыянды жана башка бардык чыгымдарды калыбына келтирүүгө милдеттүү.

Тартиптик, администрациялык жана кылмыштуулук боюнча жоопкерчиликке тартуу күнөөлүү жактарды келтирилген зыяндын ордун толтуруу милдетинен бошотпойт.

77. Ижара келишимин түзүүдөн атайлап четтөө жана муницыпалдык  мүлктү ижарага өткөрүүдөн келип түшкөн кирешелер жаап-жашырылган учурда, баланс кармоочу-уюмдун кызмат адамдары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартышат.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Муниципалдык  мүлктү ижарага берүүнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-тиркемеси

 

 

 

"МАКУЛДАШЫЛДЫ"

__________________________

(баланс кармоочунун карамагында турган муниципалдык  органдын жетекчисинин аты-жөнү, колу, күнү)

__________________________

20__-ж. "__" ____________

Муниципалдык  мүлктү ижарага берүү келишимин түзүү укугун аукционго (конкурска) коюу жөнүндө АРЫЗ

 

 

Муниципалдык  мүлктү башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу муницыпалдык  органга

Кимден:

__________________________

юридикалык жактын (баланс кармоочунун) толук аталышы, уюштуруу-укуктук формасы, жайгашкан (катталган) дареги:

__________________________

__________________________

юридикалык жактын (баланс кармоочунун) жайгашкан орду