Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын VI- кезексиз
сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №6-10-1
“ Кезектеги ⅠⅤ Элдик Курултайга делегаттарды шайлоо боюнча Майлуу-Суу жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынын чакыруу жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Президентинин 22.09.2025-жылындагы “ Кезектеги ⅠⅤ Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө” ПЖ № 270 Жарлыгына, Кезектеги Элдик Курултайды өткөрүү, делегаттарды шайлоо жана координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2025-жылдын 25-сентябрындагы чечимине ылайык, Майлуу-Суу жергиликтүү коомдоштуктун өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча Майлуу-Суу шаардык кеңештин X чакырылышынын ⅤⅠ кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. ⅠⅤ Элдик Курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча өкүлчүлүктүү жыйыны
2025-жылдын 01-ноябрь күнү саат 11-00 дө шаардык Маданият үйүндө өткөрүү белгиленип чакырылсын.
2. Өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиясы № 1 тиркемеге ылайык, жана өкүлчүлүктүү жыйынды өткөрүүгө жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарынын тизмеси № 2 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Өкүлчүлүктүү жыйынга катышуучу өкүлдөрдүн саны № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
4. Өкүлчүлүктүү жыйындарды өткөрүү боюнча жергиликтүү жамааттарды тиешелүү аймактык бөлүктөргө бөлүү ченемдери жана өткөрүү графиги № 4 тиркемеге ылайык бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы өкүлчүлүктүү жыйынды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссиясына жана жооптуу жергиликтүү кеңештин депутаттарына тапшырылсын.
6. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеӊештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, айлана-чѳйрѳнү коргоо, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |