Редакцияот 01.02.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Үч-Терек айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы

 

2024-жылдын 1-февралы №212

                                            

“Муниципалдык менчикте турган соода багытындагы жер аянттарын, Бишкек-Ош автожолуна жакын жайгашкан жайыт жерлерди ачык тоорук жүргүзүү жолу менен сатууга жана багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө.”     

        

         Үч-Терек айыл өкмөттүн тургундарынын арасында атаандашуу жана нааразычылыктарды болтурбоо, мыйзам чегинде иш жүргүзүү багытында, Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган, соода-сатык багытындагы жер аянттарын жана Бишкек-Ош автожолуна жакын жайгашкан жайыт жерлерди ачык тоорук жүргүзүү жолу менен гана багытын өзгөртүүгө жана сатууга макулдук берүү максатында , Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 “Муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттар жөнүндө типтүү  Жобону” негиздеп, Үч-Терек айылдык кеӊешинин VIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:

 

1. Үч-Терек айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчикте турган, соода-сатык багытындагы жер аянттарын жана Бишкек-Ош автожолуна жакын жайгашкан жайыт жерлерди мыйзам чегинде ачык тоорук жүргүзүү жолу менен гана багытын өзгөртүүгө жана сатууга макулдук берилсин.

 

2. Тоорук жүргүзүүнү мыйзам чегинде өткөрүү жана жергиликтүү гезиттерге, айыл өкмөттүн расмий сайтына, соц. тармактарга жарыялоону уюштуруу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн жер адиси М.Келгенбаевге милдеттендирилсин .

 

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Үч-Терек айылдык кеңешинин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

4. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

 

             5.   Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды .

 

Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы:

 А. Дөөлөткелдиев