ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 1-февралы №213
“Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-декабрындагы № 715 «Берилген айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге берилүүчү трансферттердин көлөмүн эсептөөнүн убактылуу методикасын бекитүү жөнүндө» токтомуна ылайык түзүлгөн, Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча түзүлгөн келишимди бекитүү боюнча, Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А.Байсабаевдин сунушун угуп жана талкуулап, Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы токтом кылат:
1. Токтогул райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнүн жетекчиси менен Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысынын ортосунда «Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө» түзүлгөн келишим бекитилсин.
(Тиркеме тиркелет.)
2. Түзүлгөн келишимдин негизинде каржылануучу финансылык каражаттарды өз убагында камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |