ҮЧ-ТЕРЕК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Үч-Терек айылдык кеңешининVIII чакырылышынын кезексиз XXV сессиясы
2024-жылдын 1-февралы №214
“Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген айылдарындагы жаңы конуш болуп, элге тартылып берилүүчү жалпы 84,82га жер аянттарына башкы план (ген план) чийдирүү кызматын сатып алуу долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндө”
Токтогул райондук Өнүктүрүү фондунун каржылоосуна сунушталып жаткан “Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген айылдарындагы жаңы конуш болуп, элге тартылып берилүүчү жалпы 84,82га жер аянттарына башкы план (ген план) чийдирүү кызматын сатып алуу” долбоорунун өздүк салымын бекитүү жөнүндөгү айыл өкмөт башчысынын орун басары К.Көкөевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Үч-Терек айылдык кеңешинин кезексиз XXV сессиясы токтом кылат :
1.Токтогул райондук Өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу, жалпы долбоордун наркы 604827 сомду түзгөн ” Үч-Терек айыл өкмөтүнө караштуу Үч-Терек, Саргата, Кызыл-Ураан, Жетиген айылдарындагы жаңы конуш болуп, элге тартылып берилүүчү жалпы 84,82га жер аянттарына башкы план (ген план) чийдирүү кызматын сатып алуу ” долбоордук сунушу бекитилсин.
2. Долбоорду ишке ашыруудагы өздүк салымдын өлчөмү 2024-жылга карата бекитилген жергиликтүү бюджеттен-204827 сом, Токтогул райондук Өнүктүрүү фондунан суралуучу сумма 400000сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Айыл өкмөттүн бюджетинен өздүк салымга каралган 204827 сом акча каражатына Аппараттын 2215 статьясына Токтогул райондук каржы башкармалыгынан план суралсын жана бекитилген өздүк салымды камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы М.Калбаевге милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Үч-Терек айыл өкмөтүнүн башчысы А. Байсабаевге жүктөлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция тартуу, ишкердик иш, тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.uch-terek.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
.
Үч-Терек айылдык кенешинин төрагасы: | А. Дөөлөткелдиев |