Загрузка документа…
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 3/2
Баш-Кайыңды айыл аймагынын Талды-Суу айылындагы жараксыз абалдагы эски мечиттин имаратын бузууга макулдук берүү жөнүндө
Талды-Суу айылынын жашоочуларынын жана айыл башчысынын кайрылуусуна ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын Талды-Суу айылындагы Жолоев Жумакун көчөсү № 12 дарегиндеги 4-02-09-1001-0107 идентификациялык коддо жайланышкан эски мечиттин имараты жараксыз абалга келгендиктен бузууга макулдук берилсин .
2. Эски мекчиттин имаратын бузгандан кийинки жарактуу кирпич,жыгач материалдары Талды-Суу айылынын тургуну,социалдык жактан коргоого муктаж,аз камсыз болгон үй-бүлө Акунбаев Уланбекке турак жай курууга пайдалануу үчүн уруксат берилсин
3.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайга тапшырылсын.
4.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Бокоев Абдылдабек |