Загрузка документа…
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 3/3
Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Ат-Башы районунун агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын каты боюнча кооперативдердин ижарага алган жерлерине ижара келишимин түзүүгө макулдук берүү жөнүндө
Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынын катына жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы № 243 токтому менен бекитилген Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү Жобонун 69,70-1 пункттарына ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы токтом кылат :
1.Баш-Кайыңды айыл аймагындагы Ат-Башы райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгы аркылуу ижарага жер алган “Он-Коргон”, “Кут-Мурас”, “Бай-Дастан”, “Бакыт-Нур”, “Маамет-Ата”, “Басыз-Мол”, “Асан-Ата”, “Нур-Ынтымак” , “Чоң-Дөбө”, “Мусакан-Ата”, “Кара-Жон”, “Куттубай -Ата”, “Тоок ферма” кооперативдери менен Баш-Кайыңды айылындагы “Чоң-Дөбө” участкасындагы № 0032 кодундагы 9 га жер аянтына 5 жылдык мөөнөткө, ал эми № 468 контурдагы 21 га жер аянтына бир жылдык мөөнөткө ижара келишимин түзүүгө макулдук берилсин .
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайга тапшырылсын.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Бокоев Абдылдабек |