САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы
2021-жылдын 10-декабрындагы № 4
2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейин эл жана турак жай фондун каттоого каражат ажыратуу жөнүндө
Кун тартибиндеги маселени карап жана талкуулап чыгып,Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого өз убагында жана сапаттуу даярдык көрүүнү жана жүргүзүүнү камсыз кылуу жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын 2021-жылдын 17-ноябрындагы “Кыргыз Республикасында 2022-жылы эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү жөнүндө” № 59 токтомунун 3-пунктуна ылайык Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:
1. Сакалды айыл өкмөтүнүн аймагында 2022-жылдын 25-мартынан 3-апрелине чейинки мезгилде атайын даярдалган каттоочулар тарабынан калкты сурамжылоо жолу менен 2022-жылдын 25-мартына карата абал боюнча эл жана турак жай фондун каттоо жүргүзүлсүн.
2. 2022-жылдын 15-январына карата эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү мезгилинде райондук мамлекеттик статистика бөлүмүнөн каттоо персоналына тиешелүү эмерек,шаймандар,компьютердик техника,автотранспорт жана телефон байланышы менен жабдылган тийиштүү корголуучу жайларды,кабинеттерди ажыратып берүү жагы Сакалды айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Эл жана турак жай фондун каттоого даярдык көрүү жана жүргүзүү менен алектенген каттоо персоналына каражаттар райондук статистика бөлүмү менен макулдашылган сметага ылайык каралсын.(оргтехника,жол кире,тамак-аш,жатакана,баннерлер,лозунгдар)Бул максатта айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 170000(бир жүз жетимиш миң) сом каражат ажыратылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу бюжет жана экономика боюнча туруктуу комитеттин төрагасы Ш.Масировго жана Сакалды айыл өкмөтүнүн башчысы А.Осмоновго жүктөлсүн.
Төрага: | А. Нишанбаев |