Редакцияот 10.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САКАЛДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы

 

 

2021-жылдын 10-декабрындагы № 6

 

Жарандардын арыздарын кароо жөнүндө

Күн тартибиндеги маселени угуп жана талкуулап чыгып, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 31-беренесине негиз Сакалды айылдык кеңешинин XXVIII чакырылышынын кезектеги VIII сессиясы токтом кылат:

 

1. Сакалды айыл өкмөтүнүн төмөндөгү жашоо шарты начар, ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарына айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюжетинин эсебинен материалдык жардам көрсөтүлсүн:

- Халбаева Айнурага 10 000 (он миң) сом;

- Абдираимова Бактыкан 10 000 ( он миң) сом

2. Жогоруда аталган акча каражатын тиешелүү булактардан ажыратып берилишин камсыздоо Сакалды айыл өкмөт башчысы А.Осмоновго милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин бюжет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.

 

 

Төрага:

А. Нишанбаев