Загрузка документа…
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 3/6
Баш-Кайыңды айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы ФАПтын имаратынын эки бөлмөсүн почта мекемесине өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Почта байланышы жөнүндө” Мыйзамынын 21-беренесине ылайык Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы токтом кылат:
1.Баш-Кайыңды айыл аймагынын Өзгөрүш айылындагы 4-02-09-1003-0053 иденкодундагы жер аянтында жайланышкан ФАПтын имаратынын күн чыгыш тарабындагы эки бөлмөсүн(26,1 чарчы метр) калкка кызмат көрсөтүүдөгү почта байланыш бөлүмүнүн үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу үчүн “Кыргыз почтасы” ачык акционердик коомунун Ат-Башы райондук филиалынын Өзгөрүш почта байланыш бөлүмүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин .
2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайга тапшырылсын.
3.Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Бокоев Абдылдабек |