КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 21-декабрындагы № 1
Кенеш айыл аймагынын айыл чарба жерлери жөнүндө
Кенеш айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2021-жылдын 22-ноябрындагы №1 протоколу жана 25-ноябрындагы № 2 протоколунун негизинде Кенеш айылдык Кенешинин VIIIчакырылышынын кезексиз X сессиясында карап чыгып талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл аймагынын айыл чарба жерлерин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча түзүлгөн комиссиянын 2021-жылдын 22-ноябрындагы №1 протоколу жана 25-ноябрдагы №2 протоколу бекитилсин.
2. Кенеш айыл аймагынын айыл чарба жерлеринин котегория башталгыч ижара акылары. 1 котегория 1 га – 10000 (он мин) сом,2 котегорияга 1га – 8000 (сегиз мин) сом
3котегорияга 1 га – 5000 (беш мин) сом. Ал эми кайракы айдоо 1 га -1500 (бир мин беш жүз ) сомдон бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко тапшырылсын.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайытына жарыялансын.
5. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын у.м. аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |