Загрузка документа…
ТОКТОМ
КЕЗЕКСИЗ III СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 31-июлу № 3/11
Баш-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жазылган долбоорлорго жергиликтүү бюджеттен өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Баш-Кайыңды айыл аймагында өнүктүрүү фонддорго жазылган долбоорлор тууралуу айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайдын маалыматын угуп жана талкуулап Баш-Кайыңды айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз III сессиясы токтом кылат :
1.Өзгөрүш айылындагы С.Райымбеков атындагы орто мектебинин билим берүү сапатын жакшыртуу максатында заманбап жабдууларды сатып алуу боюнча долбоор - 2 млн.745 000 сом өлчөмүндө бекитилсин,өздүк салым катары - 75 000 сом,1-Май айылынын борбордук көчөсүнө лоток орнотуу боюнча долбоор-2 млн.835 000 сом өлчөмүндө бекитилсин,өздүк салым катары - 680 400 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Баш-Кайыңды айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Курманбек уулу Абылайга тапшырылсын.
3. Бул токтомду массалык маалымат каражаттарына жарыялап,ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү жооптуу катчы А.Чукулуковго милдеттендирилсин.
Төрага: |
| Бокоев Абдылдабек |