Загрузка документа…
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
БАЛЫКЧЫ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
XXIХ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН
ХХV– СЕССИЯСЫ
2026-жылдын 28-июль №118
2026-жылдын алты айынын жыйынтыгы, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча шаар мэринин отчёту жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө мыйзамынын 34,48 беренелерин жетекчиликке алып,2026-жылдын 26-январындагы №01-13/214 кат менен 2026-жылдын алты айынын жыйынтыгы, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча шаар мэринин отчетун жана экономика, бюджет, салык жана финансы маселелери боюнча боюнча депутаттык туруктуу комиссиясынын сунушун угуп, талкуулап, шаардык кенештин кезектеги сессиясы, токтом кылат:
1. Балыкчы шаарынын мэринин 2026-жылдын алты айынын жыйынтыгы, шаардын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жалпы абалы жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча отчёту канааттандырарлык деп табылып, жактырылсын.
2. Балыкчы шаарынын мэриясына:
- 2026-жылдын экинчи жарым жылдыгына белгиленген иш-чаралардын өз убагында жана сапаттуу аткарылышын камсыз кылуу;
- жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү, чыгашалардын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча кошумча чараларды көрүү;
- шаарды көрктөндүрүү, инфраструктураны өнүктүрүү жана калкка көрсөтүлүүчү муниципалдык кызматтардын сапатын жакшыртуу боюнча иштерди улантуу тапшырылсын.
3. Ушул токтом тиркемеси менен кошо Балыкчы шаарынын мэриясынын расмий веб-сайтында https://balykchy.gov.kg жарыялансын.
4. Мамлекеттик тилде кабыл алынган тийиштүү ченемдик укуктук акты каттоого алынсын жана токтомдун көчүрмөсү тиркемелери менен бирге ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин Ысык-Көл облустук башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Балыкчы шаардык кеңешинин алдындагы социалдык өнүгүү, укук коргоо, мыйзамдуулукту сактоо, мандат, депутаттык этика жана регламент маселелери боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жана Балыкчы шаарынын мэрине жүктөлсүн
Кеңештин төрагасы Д.Ж.Аманалиев____