Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №19 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июну №138
Подгорный айылына фельдшердик- акушердик
пунктун куруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамына ылайык, Оргочор жергиликтүү кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Подгорный айылындагы Жал-6 көчөсүндөгү №11 идентификациялык коду №2-02-09-1001-0915 жер тилкесине фельдшердик- акушердик пунктун курууга макулдук берилсин.
2. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин расмий веб сайтына жарыялоого тиешелүү электрондук иш кагаздарын жиберүүгѳ жана юстиция органына мамлекеттик реестрге киргизүү үчүн иш кагаздарын алып баруу жагы жергиликтүү кенешинин жооптуу катчысы Э.Тариеловага тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология маселелери боюнча, финансы пландо, бюджеттин аткарылышын жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө маселелери жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков