Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №19 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июну №139
Боз-Бешик айылына клубника көчөттөрүн өстүрүүгө заманбап питомник курууга Жердин багытын которуу (тарнсформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү убактылуу Жобосуна” ылайык, Оргочор жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. ОсОО “ДжиТиАгро” клубника көчөттөрүн өстүрүүгө заманбап питомник куруу үчүн сурап жаткан №589 контурдагы 38 га жайыт жерди айыл чарба багытына өзгөртүүгө жана ижарага берүүгө, Боз-Бешик айылынын тургундарынын оюн эске алуу менен макулдук берилсин.
2. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жерди которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтерди даярдоого жөнөтүлсүн жана жүргүзөлгөн көзөмөл кылып иштерге мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология маселелери боюнча, финансы пландо, бюджеттин аткарылышын жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков