Загрузка документа…
ОРГОЧОР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕНЕШИНИН
I- ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН №19 - КЕЗЕКТЕГИ СЕССИЯСЫ
ТОКТОМ
2026-жылдын 08-июну №140
Боз-Бешик жана Ак-Дөбө көл жээгине автоунаа токтотуучу жай (автостоянка) уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-бөлүгүнүн 2-пунктун, Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндө” Мыйзамынын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2014-жылдын 19-мартындагы №169 токтому менен бекитилген “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү убактылуу Жобосуна” ылайык, Оргочор айыл өкмөтүнүн кайрылуусу угулуп жана талкууланып, Оргочор жергиликтүү кеңеши токтом кылат:
1. Боз-Бешик жана Ак-Дөбө пляжын иретке келтирүү, автоунаалардын коопсуздугун жана кыймылдын тартибин уюштуруу максатында Боз-Бешик көл жээгинен №2, №8 контурунан жана Ак-Дөбө көл жээгинен №72 контурларына убактылуу автоунаа токтотуучу жайын (парковканы) уштурууга макулдук берилсин.
2. Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясына жерди которуу (трансформациялоо) боюнча тиешелүү документтерди даярдоого жөнөтүлсүн жана жүргүзөлгөн көзөмөл кылып иштерге мыйзам чегинде иш алып баруу жагы Оргочор айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жусуповго милдеттендирилсин.
3. Уюшулган автоунаа токтотоочу жайга кирүү үчүн бир жолку акы төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
· Жеӊил унаага — 50 (элүү) сом;
· 7 орундуу унаага — 100 жүз)сом;
· Спринтер, маршруткага – 200 (эки жүз) сом.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарба жана экология маселелери боюнча, финансы пландо, бюджеттин аткарылышын жана сырттан келген инвестицияларды көзөмөлдөө маселелери боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
Төрага А.Тыныбеков