Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги он биринчи сессиясынын
2026-жылдын 20-январы №2
Муниципалдык жер тилкесин мөөнөтсүз пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин
жетекчиликке алып, айыл аймагындагы коомдук тартипти сактоого көмөктөшүү максатында, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигинде турган Тамчы айылынын Искаков Турдубай Көчөсүндө жайгашкан 1500м2 жер тилкесин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Тамчы аймактык милиция бөлүмүнө имарат куруу үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына өткөрүп берүү жөнүндө Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагында айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Джаныбековдун сунушун угуп, талкуулап, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги он биринчи сессиясы токтом кылат:
1. Тамчы айылынын Искаков Турдубай Көчөсүндө жайгашкан 1500м2 жер тилкесин Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн Тамчы аймактык милиция бөлүмүнө имарат куруу үчүн Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына мөөнөтсүз өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмүнүн карамагына аталган жер тилкесин мөөнөтсүз өткөрүп берүү боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Джаныбековго тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага Н.Т.Иманалиев