Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫн ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги он экинчи сессиясынын
2026-жылдын 24-февралы №7
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү
бюджетттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пунктунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексинин” 20-бөлүмүнүн 102-беренесине ылайык, “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” комитетинин корутундусу угуп жана талкуулап Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясы токтом кылат:
1.2026-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
113 530 800 (бир жүз он үч миллион беш жүз отуз миң сегиз жүз) сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен 1-тиркемеге ылайык бекитилсин. Анын ичинен:
- 108 030 800 сом жергиликтүү бюджет,
- 5 500 000 сом атайын каражаттар.
2.2027-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
126 770 800 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
3.2028-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгашалары боюнча
135 233 800 сом өлчөмүндө өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен бекитилсин.
4.Жыл ичиндеги акча каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6.Токтомдун аткарылышы Тору-Айгыр-Тамчы айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Джаныбековго милдеттендирилсин.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев