Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезектеги он экинчи сессиясынын
2026-жылдын 24-февралы №11
2026-2031-жылдарга Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 88-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезектеги он экинчи сессиясы токтом кылат:
1. 2026-2031-жылдарга Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтү 2026-2031-жылдарга Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасын ишке ашырууну камсыздасын;
2026-жылдын жыйынтыгы боюнча программаны ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө жергиликтүү кеңешке отчёт берсин.
3.Токтом тиркемеси менен массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев