Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН XI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/1
Пайдаланууга берилген турак-жай имараттарына жана жайларга салыктын ставкаларын бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин коомдук-коопсуздук жана өзгөчө кырдаалдар боюнча адис Сатыбалдиев Нурлас Карыпбековичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 388 жана 404-беренелерине ылайык, турак эмес имараттар, курулмалар жана жайлар, ошондой эле калктуу конуштарды жана айыл чарба багытындагы эмес жер участоктору боюнча колдонулуучу зоналдык коэффициенттер (Кз) жана нарктык айыл аймагында коэффициентти 1,2 өлчөмүндө бекитилсин.
2.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Ө. Урматов |