Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын VI- кезексиз
сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №6-10-2
Майлуу-Суу шаар аймагынан 280 (эки жүз сексен) гектар пайдаланууга жараксыз (адыр, жар жерлерди) жер тилкелерин Кочкор-Ата токой чарбасына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 10.10.2025-ж. № 01-05/898 кайрылуу катын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ- чакырылышынын кезексиз ⅤⅠ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформа жүргүзүү учурунда Кочкор-Ата токой чарбасынан 280 (эки жүз сексен) гектар жер тилкесин Майлуу-Суу шаар аймагына кошуп алганына байланыштуу ордуна 280 (эки жүз сексен) гектар пайдаланууга жараксыз (адыр, жар жерлерди) жер тилкелерин Кочкор-Ата токой чарбасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |