Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын VI- кезексиз
сессиясы
2025-жылдын 14-октябрындагы №6-10-3
“Майлуу-Суу Тазалык” муниципалдык мекемесине бөлүнгөн 214 610 (эки жүз он төрт миң алты жүз он) сомдун багытын өзгөртүүгө макулдук берүү жөнүндө
“Майлуу-Суу Тазалык” мекемесинин 21.05.2025-жылындагы №01-12/179 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ - чакырылышынын кезексиз ⅤⅠ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “Майлуу-Суу Тазалык” муниципалдык мекемесинин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. “Майлуу-Суу Тазалык” муниципалдык мекемесине, жергиликтүү бюджеттен шаардагы Молодежная көчөсүнө баруучу автомобиль жолун оңдоп түзөөгө бөлүнгөн 214 610 (эки жүз он төрт миң алты жүз он) сом акча какражаттын багытын шаардагы Молодежная көчөсүнө баруучу тепкичтерди оңдоп түзөөгө деп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы “Майлуу-Суу Тазалык” муниципалдык мекемесине жана шаардык финансы башкармалыгына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |