МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги
V- сессиясы
2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-3
Майлуу-Суу шаар аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндөгү” № 194 мыйзамын жетекчиликке алып, Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын 04.09.2025 ж. № 01-14-447 сандуу кайрылуусун, шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин карап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып Майлуу-Суу шаардык кеңештин X- чакырылышынын кезектеги V- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын жана шаардык ички иштер бөлүмүнүн маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы “Тынчтык жөнүндөгү” № 194 мыйзамы аткарууга алынып, шаар аймагында калктын тынчтыгын жана бейпилдигин камсыз кылууда төмөнкү убакыт аралыгында үн басымын жана ызы-чуунун белгиленген деңгээлдеринен ашууга жол берилбейт деп таанылсын:
-Жумуш күндөрү – саат 22:00дөн 07-00гө чейин;
-Дем алыш жана майрам күндөрү – саат 22: 00дөн 09:00гө чейин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана шаардык ички иштер бөлүмүнө тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин социалдык тармак, саламаттыкты сактоо, билим берүү, диний иштери, регламент жана этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |