Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз он үчүнчү сессиясынын
2026-жылдын 25-марты №12
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Тамчы, Чырпыкты, Кош-Көл айылдарынын ички чарбалык каналдарын жана суу топтоочу жайларын Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана
39-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын “Мүлкө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 19-беренесине ылайык Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясы токтом кылат:
1. Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Тамчы, Чырпыкты, Кош-Көл айылдарынын
1-2-даражадагы ички чарбалык каналдарын жана лоток курулма каналдарын, 3(үч) суу топтоочу жайларын (БСР) (№1 тиркемеге ылайык) Ысык-Көл райондук суу чарба башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Джаныбековго тапшырылсын.
3.Токтом тиркемеси менен массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев