Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XI СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 29-сентябры № 11/3
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү айылдардагы ашык огороддорду кезекте тургандарга кесүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин турак-жай, коммуналдык Сатыбалдиев нурлас Карыпбековичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 8-апрелиндеги “Жерлерди өзүм билемдик менен мыйзамсыз ээлеп алуу фактыларын алдын алуу жана болтурбоо боюнча чаралар жөнүндө” ПЖ №109 Жарлыгынын негизинде, Чолпон айылдык аймагындагы айылдарда, айыл тургундары учурда ашык пайдаланып жаткан огороддорду, кезекте турган жарандарга турак-жай курууга кесип берүүгө макулдук берилсин.
2. Ашык огороддорду тактап, мыйзамда белгиленген тартипте, кезектүүлүктү сактоо менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Закир Ашимовичке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Ө. Урматов |