Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз он үчүнчү сессиясынын
2026-жылдын
28-апрели №17
Сары-Камыш айылынын турак үйү менен короо-жай жер тилкесинин өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесине ылыйык, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана 39-беренесин жетекчиликке алып Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясы токтом кылат:
1.Сары-Камыш айылынын турак үйү менен короо-жай жер тилкесинин өлчөмү 0,12га болуп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Джаныбековго тапшырылсын.
3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Агрардык маселелер боюнча” туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев