Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VIII ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XII СЕССИЯСЫ
2025-жылдын 15-октябры № 12/1
Чолпон айылдык аймагына караштуу Осоавиахим, Эпкин, Чолпон жана Чекилдек айылдарынын башкы планын бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысынын орун басары Исаков Азамат Аскарбековичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесине караштуу Чолпон, Осоавиахим, Эпкин жана Чекилдек айылдарынын башкы планы, учурдагы даярдалган картанын негизинде, алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Жогоруда аты аталган айылдардын башкы планынын негизинде иш алып баруу жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичке тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык кеңешинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага |
Ө. Урматов |