Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги
V- сессиясы
2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-4
Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнө 89 870 (сексен тогуз миң сегиз жүз жетимиш) сом акча каражатын № 2 жалпы билим берүү орто мектебинин жаш жеткинчектер билим алуучу имаратын электрэнергия менен камсыздоо үчүн макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 28.08.2025-жылындагы №01-04/151 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ - чакырылышынын кезектеги Ⅴ - сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын у.м.а. Ж.Урбаеванын маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн 9 айдын жыйынтыгынын эсебинен акча каражатын 89 870 (сексен тогуз миң сегиз жүз жетимиш) сом 2215 беренесине которуп, № 2-жалпы билим берүү орто мектебинин жаш жеткинчектер билим алуучу имаратын электрэнергия менен камсыздоо үчүн макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысынын у.м.а. Ж.Урбаевага тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |