Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги
V- сессиясы
2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-5
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын үнөмдөлүп калган 532 000 (беш жүз отуз эки миң) сом акча каражатын 3112 (машиналар жана жабдуулар) беренесинен 2221 (учурдагы оңдоо) беренесине которууга макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 26.09.2025-жылындагы №01-12-208 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясынын чечимин талкуулап, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ- чакырылышынын кезектеги Ⅴ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Султанбаевдин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2. Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын үнөмдөлүп калган 532 000 (беш жүз отуз эки миң) сом акча каражатын 3112 (машиналар жана жабдуулар) беренесинен 2221 (учурдагы оңдоого) 2215 жана (башка товарларды жана кызматтарды сатып алуу) беренелерине которууга макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.
4. Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |