Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮКЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз он үчүнчү сессиясынын
2026-жылдын 28-апрели №21
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин токтомуна толуктоо жана өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесин жана 39-беренесин жетекчиликке алып, “Ченемдик укуктук актылар жөнүндө” Мыйзамынын 50-беренесинин 6-п ылайык Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясы токтом кылат:
1.Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин 30.01.2025 кезексиз төртүнчү сессиясынын “Таштанды чыгаруу төлөмүн бекитүү жөнүндө” №28 токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизилсин.
2.Токтом “2. Таштанды чыгаруу төлөмүн жүргүзүү жана отчётун тапшыруу мөөнөтү жылдын 1-апрелине чейин деп белгиленсин” деген пунк менен толукталсын.
3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Бюджет, экономика жана муниципалдык менчик боюнча” туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев