Загрузка документа…
ТОРУ-АЙГЫР-ТАМЧЫ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН
ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
ТОКТОМУ
Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
кезексиз он үчүнчү сессиясынын
2026-жылдын
28-апрели №22
Жер тилкесинин багытын которууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 21-беренесин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндө Мыйзамынын 34-беренесин жана 39-беренесин жетекчиликке алып, Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин кезексиз он үчүнчү сессиясы токтом кылат:
1.Суу сактагыч (платина) куруу максатында Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын Тору-Айгыр айылынын №410,411,412,413,414,435 контурларында жайгашкан жалпы аянты 28,28га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Суу фондунун жерлери” категориясына которууга макулдук берилсин.
2.Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык иш алып баруу Тору-Айгыр-Тамчы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.М.Джаныбековго тапшырылсын.
3.Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана мамлекеттик укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө “Агрардык маселелер боюнча” туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага: Н.Т. Иманалиев