КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 21-декабрындагы № 3
Кызыл –Октябрь айылындагы №25 К.Артыкалиев атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылындагы №25 К.Артыкалиев атындагы орто мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча 2021-жылдын 11-ноябрдагы элдик жыйындын протоколун негизинде Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл аймагына караштуу Кызыл-Октябрь айылына караштуу №25 К.Артыкалиев орто мектеби боюнча 2021-жылдын 11-ноябрындагы элдик жыйындын протоколу бекитилсин.
2.Кенеш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программмасына кирген иш –чараларды аткаруу үчүн Кызыл-Октябрь айылынын №25 К.Артыкалиев мектебине терезелерин алмаштыруу жагы колго алынсын.
3. Кенеш айыл аймагына караштуу караштуу Кызыл-Октябрь айылынын К.Артыкалиев мектебинин терезелерин алмаштыруу максатында элдик салымын камсыздоо боюнча үчүн 298600 (эки жүз токсон сегиз мин алты жүз) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
4. Жогорудагы токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кенеш айыл аймагынын К.Артыкалиев мектебинин терезелерин алмаштыруу боюнча долборду даярдоо жана долборду ишке ашыруу айыл өкмөтүнүн тиешелүү адистерине милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтүнун башчысы М.М.Алкадыровко тапшырылсын.
6. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайытына жарыялансын
7. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын у.м. аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
8. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |