КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айыл аймагынын VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы
2021-жылдын 21-декабрындагы № 4
Кенеш айыл аймагына караштуу Коткор айылынын Тандоо участкасында жайгашкан Т.Исманов атындагы мектебинин арт тарабында 45 сотых жер ажыратып берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык Кенеш айыл аймагына караштуу Коткор айылындагы Тандоо участкасында жайгашкан Т.Исаманов мектебинин арт жагындагы 45 сотых жер участкасы боюнча 2021-жылдын 16-декабрында элдик жыйындын протоколунун негизде Кенеш айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз X сессиясы угуп талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кенеш айыл аймагына караштуу Коткор айылынын Тандоо участкасында жайгашкан Т.Исманов мектебинин арт жагында жайгашкан 45 сотых жер участкасы боюнча 2021-жылдын 16-декабрында элдик жыйындын протоколу бекитилсин
2. Кенеш айыл өкмөтүнүн социалдыкэкономикалык өнүгүү программасына кирген иш-чараларды аткаруу үчүн Коткор айылынын Тандоо участкасындагы мектептин арт жагынан бала бакча куруу үчүн жер ажыратуу жагы колго алынсын.
3. Жогорудагы токтомдун мыйзамдуу аткарылышы Кенеш айыл аймагынын Коткор айылындагы Тандоо участкасына бала бакча куруу үчүн иш кагаздарын ишке ашыруу жагы айыл өкмөтүн тийешелүү адистерине милдетендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышынын камсыз кылуу айыл өкмөтүнүн башчысы М.Алкадыровко тапшырылсын.
5. Токтом Кыргыз Респуликасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик –укуктук актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEBсайытына жарыялансын.
6. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик -укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын у.м.а Б.Шаиковага милдеттендирилсин.
7. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы: | К.Айдаров |