Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги
V- сессиясы
2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-7
Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ жана Көк-Таш айылдарында жайгашкан кичи футбол аянтчаларын Майлуу-Суу шаардык № 2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине (ДЮСШ) ыкчам пайдаланууга берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 12.08.2025-ж. № 01-05/717 кайрылуу катын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтарын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ- чакырылышынын кезектеги Ⅴ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.Майлуу-Суу шаарынын Сары-Бээ жана Көк-Таш айылдарында жайгашкан кичи футбол аянтчаларын Майлуу-Суу шаардык № 2 балдар-өспүрүмдөр спорт мектебине (ДЮСШ) ыкчам пайдаланууга өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |