Редакцияот 30.09.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Майлуу-суу шаардык  кеңешинин  X чакырылышынын кезектеги

V- сессиясы

 

2025-жылдын 30-сентябрындагы  №5-10-8

 

Майлуу-Суу шаарынын борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүүгө макулдук берүү жөнүндө

 

Майлуу-Суу шаардык мэриясынын 11.09.2025-жылындагы №01-14-461 сандуу кайрылуу катын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ- чакырылышынын кезектеги Ⅴ- сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси Р.Султанбаевдин маалыматы жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.

 

2.Майлуу-Суу шаарынын борбордук Ленин көчөсүн кеңейтүүгө макулдук берилсин.

 

3.Майлуу-Суу шаарынын мэриясына, борбордук Ленин көчөсүн кеңейтуу боюнча долбоору түзүлсүн жана шаардык кеңешке макулдашууга сунушталсын.

 

4.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына тапшырылсын.

 

5.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын Мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.

 

6.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо шаардык кеңештин бюджет, каражат жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Шаардык Кеңештин төрагасы

 

           Д. Атамырзаев