Загрузка документа…
МАЙЛУУ-СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Майлуу-суу шаардык кеңешинин X чакырылышынын кезектеги
V- сессиясы
2025-жылдын 30-сентябрындагы №5-10-9
“ Майлуу-Суу тазалык ” муниципалдык мекемесине таштанды сактоо жай катары 2 (эки) гектар жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 29.09.2025-ж. № 01-05/856 кайрылуу катын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматын угуп, талкуулап чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алып, Майлуу-Суу шаардык кеңештин Ⅹ- чакырылышынын кезектеги Ⅴ- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Майлуу-Суу шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынын маалыматтары жана депутаттардын сунуштары эске алынсын.
2.“ Майлуу-Суу тазалык ” муниципалдык мекемесине таштанды сактоочу жайын кеңейтүү максатында 2 (эки) гектар жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышы Майлуу-Суу шаарынын мэриясына жана муниципалдык менчик башкармалыгына тапшырылсын.
4.Ушул токтом катталсын жана Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актылакрынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн, Кыргыз Республикасынын юстиция министрлигине жөнөтүсүн.
5.Бул токтомдун аткарылышын контролдоо, шаардык кеңештин өнөржай, транспорт, коммуналдык чарба, энергетика, курулуш жана соода-сатык боюнча туруктуу комиссиясынына тапшырылсын.
Шаардык Кеңештин төрагасы |
Д. Атамырзаев |