Редакцияот 18.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү IX сессиясы

 

 

2021-жылдын 18-ноябрындагы № 9

 

Кеңеш айыл аймагына караштуу Кара-Жыгач айылында жайгашкан А.Осмонов мектеби жөнүндө

Кеңеш айыл аймагында жайгашкан А.Осмонов мектеби жөнундө Кенеш айылдык Кенешинин VIIIчакырылышынын кезетүү IXсессиясында карап чыгып талкуулап

 

ТОКТОМ    КЫЛАТ:

 

1. Кеңеш айыл айымагында жайгашкан №38 А.Осмонов мектеби жаны мектеп имаратты ишке киргенче А.Баратовдун менчик үйүн убактылуу пайдалануу үчүн Кенеш айыл өкмөтү ижара акысы ар бир айына 5000 (беш мин) сом акча каражаты каралсын.

2. Кеңеш айыл өкмөтүнүн ФЭП башчысы Б.Каиповага жана юристти М,Каиповко жүктөлсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын ченемдик – укуктук Актылары жөнүндөгү” Мыйзамына ылайык Кенеш айыл өкмөтүнүн расмий WEB сайытына жарыялансын.

4. Аталган токтомду расмий жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Кенеш айылдык Кенешинин жооптуу катчысынын у.м. аткаруучу Б.Шаиковага милдеттендирилсин.

5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу Кенеш айылдык Кенешинин төрагасынын орун басары М. Жанышалиевке жүктөлсүн.

 

 

Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы:

К.Айдаров