Редакцияот 02.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезектеги жетинчи сессиясы

 

2021-жылдын 2-ноябрындагы № 7-1

 

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча кошумча тактоолор жана толуктоолор тууралуу

Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнчааткарылбай калган кирешелер жана чыгашалар боюнча тактоолор жана толуктоолор тууралуу “бюджет,экономика,муниципалдыкменчик, айылчарбасы,инвестиция,ишкердикиш жана тышкы экономикалык байланыш” боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбектин жана айыл өкмөттүн ФЭБнүн башчысы А.Мадраимовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын бюджеттик кодексиинин 21-главасынын 109-беренесинин 1,4-пунктуна жана 115-беренесинин 4-пункттунажана КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 2-пунктчасына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетин 9 айлык планынын аткарылышы белгиленсин.

 

2. Айыл өкмөтүнүн 2021-жылдагы жергиликтүү бюджетинин 9-айлыктын жыйынтыгы боюнча 2020-жылдын 28-декабрындагы № 27-2-токтомуна кошумча тактоолор жана толуктоолор № 1,2-тиркемелерге ылайык киргизилип, бекитилсин. (тиркеме тиркелет)

 

3. Бекитилген тактоолор жана толуктоолорду аткарууга алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысына жана ФЭБнүн башчысына милдеттендирилсин.

 

1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет,экономика,муниципалдыкменчик, айылчарбасы,инвестиция,ишкердикиш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кубанычбек уулу Мурасбекке тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

Абдырахманов О.С.