Редакцияот 14.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясы

 

2021-жылдын 14-декабрындагы № 8-2

Кеңеш айыл аймагындагы Шаңкол айылынын тургуну Камбар уулу Нурмаматтын арызын кароо тууралуу

Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Камбар уулу Нурмаматтын үй алдындагы жер участогунан 710,0 чарчы метр жер аянтын өз каалоосу менен мечит салууга берип жаткандыгына байланыштуу, муниципалдык менчикке алууну суранып жазган арызын угуп жана талкуулап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1. Кеңеш айыл аймагына караштуу Шаңкол айылынын тургуну Камбар уулу Нурмаматтын үй алдындагы жер участогунан 710,0 чарчы метр жер аянтын өз каалоосу менен мечит салууга берип жаткандыгына байланыштуу, айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын.

 

2. Жер участогун тактап, аянтын өлчөп жана муниципалдык менчикке алуу боюнча иш-кагаздарын даярдап, тиешелүү документтерин бүтүрүү жагы жер маселелери боюнча башкы адис Бегматов Нурадилге милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.