КОЧКОР-АТА ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кочкор-Ата шаардык кеңешинин ХХVIII чакырылышынын кезексиз XXХ сессиясы
2024-жылдын 19-апрели №01-5/205
“Схемалык картаны бекитүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын айыл аймактарынын жана шаарларынын деңгээлинде пилоттук режимде административдик-аймактык реформаны жүргүзүүнүн алкагында Жалал-Абад облустунун Ноокен районунун Кочкор-Ата шаарынын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттигинин «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик ишканасы тарабынан түзүлгөн Кочкор-Ата шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасын карап чыгып жана талкуулап, Кочкор-Ата шаардык Кеңеши төмөнкүдөй чечим кабыл алды:
1. Кочкор-Ата шаарынын аймагынын административдик чек арасынын схемалык картасы жана ага тиркелген чек ара баяндамасына макулдук берилсин.
2. Кочкор-Ата шаардык Кеңештин төрагасына жана Кочкор-Ата шаарынын мэрине схемалык картага кол коюу тапшырылсын.
3. Бул токтомдун көчүрмөсү Кыргыз Республикасынын Президентинин Жалал-Абад областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнө жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага: | Н.А.Абдуразаков |