КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясы
2021-жылдын 14-декабрындагы № 8-3
Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин жерине кичи футболдук аянтча курууга макулдук берүү тууралуу
Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин жерине элдин өзүнүн салымы менен кичи футболдук аянтча курууга уруксат сурап кайрылган Арбын айылынын айыл башчысынын кайрылуусун угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-пункутчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылындагы Арбын орто мектебинин аймагындагы муниципалдык менчиктеги жерине жашоочулардын өзүнүн салымы, донорлордун жана жергиликтүү бюджеттен акча каражатын ажыратуу аркылуу, мектеп окуучулары жана ата-энелер үчүн кичи футболдук аянтча курууга макулдук берилсин.
2. Бардык талаптарды эске алуу менен мыйзамдын чегинде жерин карап, документештирип берүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Кеңеш айылдык кеңешинин төрагасы |
Абдырахманов О.С. |