Редакцияот 14.12.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

Кеңеш айылдык кеңешинин (7-чакырылышы) кезексиз сегизинчи сессиясы

 

2021-жылдын 14-декабрындагы № 8-5

Айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу

Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу койгон маселесин угуп жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» 2011-жылдын 15-июлундагы № 101- мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктунун 1-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Айыл өкмөтүнүн башчысынын айыл аймагындагы борбордук жана ички жолдорду кеңейтүү тууралуу койгон маселеси колдоого алынсын.

 

2. Ар бир депутатка өзүнүн шайлоо округундагы шайлоочуларына жолдорду кеңейтүү боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы тапшырылсын.

 

3. Жолдорду кеңейтүү иштерин жүргүзүүдө кызыл сызыктан чыгып кетип, мыйзамдын талабына каршы чыккандарга чара көрүлөрү эскертилсин.

 

4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу чарба, жана жаратылышты коргоо, мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, таранспорт жана экология боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.

 

 

Кеңеш айылдык

кеңешинин төрагасы

 

Абдырахманов О.С.